1Теңир Мусага мындай деди:
2«Биринчи айдын биринчи күнү жыйын чатырын тик.
3Анын ичине келишим сандыгын алып кирип, сандыктын алдына көшөгөнү ил.
4Yстөлдү алып кирип, анын үстүнө идиштерин кой, анан чырактанды алып кирип, анын үстүнө чырактарын кой.
5Алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды алып кирип, келишим сандыгынын тушуна кой, жыйын чатырынын кире беришине көшөгөнү ил.
6Курмандык чалынуучу жайды жыйын чатырынын алдына кой.
7Жуунгучту жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын ортосуна коюп, ичине суу куюп кой.
8Короону жабуу менен курча, короонун кире беришинин көшөгөсүн ил.
9Майлоочу майды алып, жыйын чатырын жана ага тиешелүү бардык нерсени ыйыкташ үчүн майлап чык, ошондо алар ыйык болот.
10Курмандык чалынуучу жайды жана ага тиешелүү бардык нерселерди майлап чык. Курмандык чалынуучу жайды ыйыкта, ошондо ал эң ыйык жай болот.
11Жуунгучту жана анын түбүн майлап ыйыкта.
12Арунду жана анын уулдарын жыйын чатырынын алдына алып келип, сууга жуунт.
13Мага ыйык кызмат кылышы үчүн, Арунга ыйык кийимдерди кийгизип, аны майлап, ыйык кызматка дайында.
14Анын уулдарын алып келип, аларга узун көйнөктөрдү кийгиз.
15Алар Мага ыйык кызмат кылышы үчүн, аларды да атасын майлагандай майла. Бул майлоо аларды түбөлүккө, укумдан-тукумга ыйык кызматка дайындаган майлоо болот».
16Муса бардыгын Теңир буйругандай аткарды.
17Жыйын чатыры экинчи жылдын биринчи айынын биринчи күнү тургузулду.
18Муса жыйын чатырын тикти: анын таканычтарын орнотту, устундарын бекитти, шыргыйларын койду, мамыларын тургузду,
19анан жыйын чатырынын үстүнө жабуу жапты, Теңир буйругандай кылып, алардын үстүнө дагы бир жабуу жапты.
20Мыйзамды алып, сандыкка салды, шыргыйларды сандыктын шакектерине киргизди, сандыктын үстүнө капкакты жапты.
21Сандыкты жыйын чатырынын ичине алып кирип, көшөгөнү илип, Теңир буйругандай, келишим сандыгын далдалап койду.
22Жыйын чатырынын ичине, анын түндүк жагына, көшөгөнүн сыртына үстөлдү койду.
23Теңир буйругандай, анын үстүнө Теңирдин алдына эки катар нан тизип койду.
24Жыйын чатырынын ичине, үстөлдүн маңдайына, жыйын чатырынын түштүк жагына чырактанды койду.
25Теңир буйругандай кылып, Теңирдин алдына чырактанды, анын үстүнө чырактарды койду.
26Жыйын чатырынын ичине, көшөгөнүн жанына алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды койду.
27Теңир буйругандай, анын үстүндө жыпар жыттуу заттарды түтөттү.
28Анан жыйын чатырынын кире беришине көшөгө илди.
29Жыйын чатырынын алдына курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды койду, Теңир буйругандай, анын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалып, нан курмандыктарын өрттөдү.
30Анан жуунгучту жыйын чатыры менен курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайдын ортосуна коюп, суу куюп койду.
31Андан суу алып, Муса, Арун жана Арундун уулдары колдорун, буттарын жуушту.
32Теңир Мусага буйругандай, алар жыйын чатырына кирерде жана курмандык чалынуучу жайга жакындарда жуунушчу.
33Жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын тегерегин жабуу менен курчап, короонун кире беришине көшөгө илди. Ошентип, Муса бардык ишти бүттү.
34Ошондо жыйын чатырын булут каптап, жыйын чатыры Теңирдин даңкына толду.
35Муса жыйын чатырына кире алган жок, анткени чатырды булут каптап, Теңирдин даңкына толуп турган эле.
36Булут жыйын чатырынан көтөрүлгөндө, Ысрайыл уулдары жолун улантышчу.
37Эгерде булут көтөрүлбөсө, анда алар да, ал көтөрүлмөйүнчө, жолго чыгышчу эмес.
38Анткени Теңирдин булуту Ысрайыл уулдарынын көз алдында жыйын чатырынын үстүндө күндүз булут болуп, түн ичинде от болуп, аларды жер кезип жүргөн учурунда коштоп жүрчү.