Чыгуу 5:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Ошондон кийин Муса менен Арун фараонго келип, мындай дешти: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Менин элимди коё бер, алар чөлдө Мага арнап майрам өткөрүшсүн”».

2Бирок фараон: «Мен Аны угуп, Ысрайылды коё бергидей, Теңир ким экен? Мен Теңирди билбейм, Ысрайылды да коё бербейм», – деди.

3Алар ага: «Эврейлердин Кудайы бизди чакырып жатат. Бизди чөлгө, үч күндүк жолго коё бер, Кудай-Теңирибизге курмандык чалалы, болбосо Ал бизге жугуштуу оору жиберет же кылыч менен жок кылат», – дешти.

4Ошондо Мисир падышасы аларга: «Муса менен Арун, силер эмне үчүн элди жумушунан алагды кылып жатасыңар? Өз жумушуңарга жөнөгүлө.

5Бул жерде эл көп, силер аларды иштеринен алагды кылып жатасыңар», – деди.

6Фараон ошол эле күнү башкаруучуларга жана көзөмөлдөөчүлөргө мындай деп буйрук берди:

7«Мындан ары бул элге кыш куюу үчүн мурункудай саман бербегиле. Алар саманды өздөрү барып чогултуп алышсын.

8Бирок кышты буга чейин куюп келгендегидей эле санда куюшсун, санын азайтпагыла. Алар жалкоо, ошондуктан: “Барып, Кудайыбызга курмандык чалабыз”, – деп кыйкырып жатышат.

9Аларга жумушту көп бергиле, иштешсин, куру сөз менен алек болушпасын».

10Ошондо башкаруучулар менен көзөмөлдөөчүлөр элге кайрылып: «Фараон: “Силерге саман бербейм.

11Саманды өзүңөр таап алгыла. Бирок жумушуңарды азайтпайм”, – деп айтып жатат», – дешти.

12Ошондо эл саман ордуна пая издеп, Мисир жерине тарап кетти.

13Башкаруучулар болсо: «Кышты саман бар кездегидей эле, күн сайын мурунку белгиленген санда куйгула», – деп мажбурлап жатышты.

14Ал эми фараондун башкаруучулары Ысрайыл уулдарынын ичинен өздөрү дайындаган көзөмөлдөөчүлөрдү: «Эмне үчүн кышты мурунку белгиленген санда куйбай жатасыңар?» – деп уруп-сабашты.

15Ошондо Ысрайыл уулдарынын көзөмөлдөөчүлөрү фараонго ыйлап келип: «Эмнеге кулдарыңа ушундай мамиле кылып жатасың?

16Кулдарыңа саман бербей жатышат, бирок кыш куйгула деп, кулдарыңды сабап жатышат. Элиң күнөө кылып жатат», – дешти.

17Бирок фараон аларга: «Жалкоосуңар силер, жалкоосуңар, ошондуктан “Теңирге курмандык чалабыз” деп жатасыңар.

18Баргыла, иштегиле. Силерге саман берилбейт, бирок тиешелүү сандагы кышты толук бергиле», – деди.

19Ысрайыл уулдарынан коюлган көзөмөлдөөчүлөр «Ар бир күнгө белгиленген кыштын санын кемитпегиле» деген буйруктан улам баштарына мүшкүл түшкөнүн түшүнүштү.

20Алар фараондон чыкканда, өздөрүн күтүп турган Муса менен Арунга жолугушту.

21Аларга: «Теңир силерди көрсө экен, бизди фараонго жана анын кулдарына жек көрүндү кылганыңар үчүн, бизди өлтүртүү үчүн алардын колуна кылыч карматканыңар үчүн жазаласа экен», – дешти.

22Ошондо Муса Теңирге кайрылып: «Теңир! Эмне үчүн бул элди ушундай азапка салдың, эмне үчүн мени жибердиң?

23Мен келип, фараонго Сенин атыңдан сүйлөй баштагандан тартып, ал бул элге мурункудан да жаман мамиле кыла баштады. Сен болсо Өз элиңди куткарган жоксуң», – деди.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>