1Ошондо Теңир Мусага: «Эми сен Менин фараонго эмне кыларымды көрөсүң. Фараон аларды күчтүү колдун кийлигишүүсү менен коё берет. Атүгүл, күчтүү колдун кийлигишүүсү менен аларды өз жеринен кууп чыгат», – деди.
2Кудай Мусага мындай деди: «Мен Теңирмин.
3Мен Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка “Кудай, Кудуреттүү” деген ысым менен келгем, бирок аларга “Теңир (Жахаба)” деген ысымым менен ачылган эмесмин.
4Өздөрү келгин болуп жашашкан Канаан жерин берем деп, Мен алар менен келишим түзгөм.
5Мен мисирликтердин эзүүсүнөн кыйналган Ысрайыл уулдарынын онтогонун угуп, Өзүмдүн келишимимди эстедим.
6Ошондуктан Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Мен Теңирмин, силерди мисирликтердин эзүүсүнөн куткарам, силерди кулчулуктан бошотом, силерди кудуреттүү күчүм менен, чоң жазалар менен куткарам.
7Силерди Өзүмө эл кылып алам да, силердин Кудайыңар болом, ошондо силерди мисирликтердин эзүүсүнөн куткарган Кудай-Теңириңер Мен экенимди билесиңер.
8Мен колумду көтөрүп, Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка берем деген жерге силерди алып барам да, аны силерге мураска берем. Мен Теңирмин”.
9Муса муну Ысрайыл уулдарына айтып берди, бирок алар жүрөкзаада болуп калышкандыктан, жумуштун оордугунан Мусага кулак салышкан жок.
10Ошондо Теңир Мусага мындай деди:
11«Мисир падышасы фараонго кирип айт, ал Ысрайыл уулдарын өз жеринен коё берсин».
12Муса Теңирдин алдында мындай деди: «Мени Ысрайыл уулдары укпай жатышса, фараон кантип уксун? Мен болсо сөзгө жокмун».
13Бирок Теңир Муса менен Арунга сүйлөдү. Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыгууга буйрук берип, аларды Ысрайыл уулдарына жана Миcир падышасы фараонго жиберди.
14Алардын уруу башчылары булар: Ысрайылдын туну Рубейиндин уулдары: Ханох жана Палу, Хесрон жана Карми. Бул – Рубейин уруусу.
15Шымондун уулдары: Жемуел жана Жамин, Ойат жана Жахин, Сохар жана канаандык аялдын уулу Шабул. Бул – Шымон уруусу.
16Лебинин уулдары, уруу башчылары булар: Гейиршон, Каат жана Мерари. Леби болсо жүз отуз жети жыл жашаган.
17Гейиршондун уулдары, уруу башчылары: Либни жана Шимей.
18Кааттын уулдары: Амрам жана Итсар, Хеброн жана Узиел. Каат болсо жүз отуз үч жыл жашаган.
19Мераринин уулдары: Махли жана Муши. Булар – Лебинин уруу башчылары.
20Амрам атасынын карындашы Жохебетти аялдыкка алган. Ал ага Арун менен Мусаны төрөп берген. Амрам болсо жүз отуз жети жыл жашаган.
21Итсардын уулдары: Корак, Непек жана Зихри.
22Узиелдин уулдары: Мишаел, Элсапан жана Ситри.
23Арун Нахшондун карындашы, Аминадаптын кызы Элишебаны аялдыкка алган. Ал ага Надап менен Абыйутту, Элазар менен Итамарды төрөп берген.
24Корактын уулдары: Асир, Элкана жана Абыйасап. Булар – Корак уруусу.
25Арундун уулу Элазар Путиелдин кыздарынын бирин аялдыкка алган. Ал ага Пинехасты төрөп берген. Булар – Лебинин уруу башчылары.
26Арун менен Муса – Теңирден «Мисир жеринен Ысрайыл уулдарын кошуундары менен алып чыккыла» деген буйрук алган кишилер.
27Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыгуу үчүн, Мисир падышасы фараон менен сүйлөшкөн кишилер – ушул Арун менен Муса.
28Теңир Мисир жеринде Мусага сүйлөгөндө:
29«Мен Теңирмин! Мен сага айткандын баарын Мисир падышасы фараонго айт», – деди.
30Муса болсо Теңирдин алдында мындай деди: «Мен сөзгө жокмун, фараон мени кантип уксун?»