1Бирок Теңир Мусага мындай деди: «Билип кой, Мен сени фараонго Кудай кылып койдум, ал эми бир тууганың Арун сенин пайгамбарың болот.
2Сен ага Мен буйругандын баарын айтасың. Бир тууганың Арун болсо фараонго: “Ысрайыл уулдарын өз жериңен коё бер”, – деп айтат.
3Бирок Мен фараондун жүрөгүн катуулантып коём да, Мисир жеринде Өзүмдүн көптөгөн жышаандарымды, кереметтеримди көрсөтөм.
4Фараон силерди укпайт, ошондо Мен Мисирге күч колдонуп, аны катуу жазалап, Өзүмдүн кошуунумду – Өз элим Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен алып чыгам.
5Мен Мисирди катуу жазалап, алардын арасынан Ысрайыл уулдарын алып чыкканда, мисирликтер Менин Теңир экенимди билишет».
6Муса менен Арун Теңир буйругандай кылышты.
7Фараон менен сүйлөшкөн убакта Муса сексен жашта, ал эми Арун сексен үч жашта эле.
8Теңир Муса менен Арунга мындай деди:
9«Эгерде фараон силерге: “Керемет көрсөткүлө”, – десе, сен Арунга: “Таягыңды алып, фараондун алдына ташта”, – деп айт. Ал жыланга айланат».
10Муса менен Арун фараонго келип, Теңир буйругандай кылышты. Арун таягын фараондун жана анын кулдарынын алдына таштаганда, ал жыланга айланды.
11Ошондо фараон даанышмандар менен сыйкырчыларды чакырды. Мисирдин сыйкырчылары да өздөрүнүн сыйкырлары менен ошондой кылышты.
12Ар бири өз таягын таштаганда, алар да жыланга айланды, бирок Арундун таягы алардын таяктарын жутуп алды.
13Теңир айткандай, фараондун жүрөгү катууланып, аларды укпай койду.
14Ошондо Теңир Мусага: «Фараондун жүрөгү таштай катыды, ал элди коё бергиси келбей жатат.
15Эртең менен фараонго бар, ал сууга чыгат, сен аны дарыянын жээгинен тосуп тур. Жыланга айланган таягыңды колуңа алып ал.
16Анан ага мындай де: “Эврейлердин Кудай-Теңири мени сага мындай деп айттыруу үчүн жиберди: «Менин элимди коё бер, алар чөлгө барып, Мага ийбадат кылышсын». Бирок сен ушул күнгө чейин укпай келдиң.
17Теңир мындай дейт: «Менин Теңир экенимди сен мындан билесиң». Мен азыр колумдагы мына бул таяк менен дарыядагы сууну чабам, ал канга айланат.
18Дарыядагы балыктар кырылат, дарыя сасыйт, мисирликтер жийиркенип, андан суу иче албай калышат”».
19Теңир Мусага мындай деди: «Арунга мындай деп айт: “Таягыңды алып, колуңду Мисирдин сууларына: дарыяларына, агын сууларына, көлдөрүнө, суу сактагычтарына сун, ошондо алар канга айланат. Бүткүл Мисир жери кан болот, жыгач, таш идиштеринин ичиндеги суулар да канга айланат”».
20Муса менен Арун Теңир буйругандай кылышты. Арун таягын көтөрүп, фараондун жана анын кулдарынын көз алдында дарыядагы сууну чапты, дарыядагы суу канга айланды.
21Ошондо дарыядагы балыктар кырылып, дарыя сасып кеткендиктен, мисирликтер дарыядан суу иче албай калышты. Ошентип, бүткүл Мисир жери кан болду.
22Мисирдин сыйкырчылары да өздөрүнүн сыйкырлары менен ошондой кылышты. Теңир айткандай, фараондун жүрөгү катууланып, аларды укпай койду.
23Фараон бурулуп, үйүнө кетип калды. Ага бул да таасир эткен жок.
24Ичкенге суу табыш үчүн, бүт мисирликтер дарыянын тегерегин каза башташты, анткени алар дарыядагы суудан иче албай калышкан эле.
25Теңир дарыяны канга айланткандан кийин, жети күн өттү.