1Теңир Мусага мындай деди: «Фараонго барып айт: Теңир мындай дейт: “Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.
2Эгерде сен аларды коё бергенге макул болбосоң, анда Мен сенин бардык жериңе курбака каптатам.
3Ошондо дарыяда курбакалар быкылдап, андан чыгып, үйүңө да, уктоочу бөлмөңө да, төшөгүңө да, кулдарың менен элиңдин үйлөрүнө да, мешиңдин ичине да, камыр ачыткан челегиңе да кирет.
4Курбакалар сенин, элиңдин жана кулдарыңдын үстүнө чыгат”».
5Теңир Мусага мындай деди: «Арунга мындай деп айт: “Колуңдагы таягыңды дарыяларга, агын сууларга жана көлдөргө сунуп, Мисир жерине курбака каптат”».
6Арун колун Мисир жериндеги сууларга сунганда, курбакалар чыгып, Мисир жерин каптады.
7Сыйкырчылар да өз сыйкырлары менен ушундай кылып, Мисир жерине курбака каптатышты.
8Фараон Муса менен Арунду чакырып алып: «Теңирге сыйынгыла, Ал курбакаларды менден, менин элимден жок кылсын. Ошондо мен Ысрайыл элин Теңирге курмандык чалууга коё берем», – деди.
9Муса фараонго мындай деди: «Сенин жериңдеги, үйлөрүңдөгү курбакалар жок болуп, дарыяларда гана калсын деп, сен үчүн, кулдарың үчүн, элиң үчүн сыйынар убакытты мага өзүң белгиле».
10Ал: «Эртең», – деди. Муса ага: «Сен айткандай болсун, ошондо биздин Кудай-Теңирибиздей эч ким жок экенин билесиң.
11Курбакалар сенден, үйлөрүңдөн, кулдарыңдан жана элиңден жок болуп, дарыяларда гана калат».
12Муса менен Арун фараондон чыгышты. Фараондун жерине каптаткан курбакалардан арылтуусун сурап, Муса Теңирге сыйынды.
13Ошондо Теңир Мусанын айтканындай кылды. Yйлөрдөгү, короолордогу жана талаадагы курбакалар кырылып калды.
14Аларды үймөк-үймөк кылып жыйып коюшту. Ошондо жер сасып кетти.
15Фараон жеңилдик болгонун көргөндө, жүрөгүн катуулантып, Теңир айткандай, аларды укпай койду.
16Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Арунга мындай деп айт: “Таягыңды көтөрүп, жердеги топуракты чап, ошондо топурак майда чиркейге айланып, бүткүл Мисир жерине толуп кетет”».
17Алар ошондой кылышты. Арун колундагы таягын көтөрүп, топуракты чапканда, адамдарга да, малга да майда чиркейлер жабышты. Бүткүл Мисир жериндеги топурактын баары майда чиркейге айланды.
18Сыйкырчылар да өз сыйкырлары менен майда чиркей чыгарууга аракет кылышты, бирок чыгара алышкан жок. Ошентип, майда чиркейлер адамдарга да, малга да жабышты.
19Ошондо сыйкырчылар фараонго: «Бул – Кудайдын колу», – дешти. Бирок фараондун жүрөгү катууланып, Теңир айткандай, аларды укпай койду.
20Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Эртең менен эрте туруп, фараондун алдына бар. Ал сууга чыгат, ошондо сен ага мындай де: Теңир мындай дейт: “Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.
21Эгерде элимди коё бербесең, анда Мен сага, сенин кулдарыңа, элиңе, үйлөрүңө көгөөн каптатам, ошондо мисирликтердин үйлөрү, алар жашаган жер көгөөнгө толот.
22Бирок ошол күнү Менин элим жашаган Гошен жерин бөлүп коём, ал жерде көгөөн болбойт, ошондо жер үстүндөгү Теңир Мен экенимди билесиң.
23Менин элим менен сенин элиңдин ортосун бөлүп коём. Эртең ушул жышаан болот”».
24Теңир так ошондой кылды: фараондун үйүн, анын кулдарынын үйлөрүн жана бүт Мисир жерин көгөөн каптады. Жер көгөөндөн кыйрап жатты.
25Ошондо фараон Муса менен Арунду чакырып алып: «Баргыла, Кудайыңарга ушул жерде курмандык чалгыла», – деди.
26Бирок Муса ага: «Андай кылууга болбойт, анткени Кудай-Теңирибизге арнап чалган курмандыгыбыз мисирликтер үчүн жийиркеничтүү. Эгерде мисирликтер үчүн жийиркеничтүү болгон курмандыкты алардын көз алдында чалсак, алар бизди таш бараңга алышпайбы?
27Биз үч күн жол жүрүп, чөлгө барып, Кудай-Теңирибизге Өзү айткандай кылып курмандык чалабыз», – деди.
28Ошондо фараон: «Мен силерге өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге курмандык чалыш үчүн, чөлгө барууңарга уруксат берем, бирок алыс кетпегиле. Мен үчүн да сыйынып койгула», – деди.
29Муса ага мындай деди: «Мен азыр сенден чыгып, Теңирге сыйынам, ошондо көгөөндөр сенден, сенин кулдарыңдан, сенин элиңден эртең эле жок болот, бирок сен элди Теңирге курмандык чалууга коё бербей алдаганыңды койгун».
30Анан Муса фараондон чыгып, Теңирге сыйынды.
31Ошондо Теңир Мусанын айтканындай кылып, фараондон, анын кулдарынан, анын элинен көгөөндөрдү жок кылды. Бир да көгөөн калган жок.
32Бирок фараон бул жолу да жүрөгүн катуулантып, элди коё бербей койду.