Чыгуу 9:1-35 KYB2004 - Bible AI

1Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Фараонго барып, эврейлердин Кудай-Теңири мындай дейт де: “Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.

2Эгерде сен аны коё бергиң келбей, дагы кармай турган болсоң,

3анда Теңир Өз колун талаадагы бардык малыңа, жылкыларыңа, эшектериңе, төөлөрүңө, өгүздөрүңө жана койлоруңа каршы сунат: аларга өтө оор жугуштуу оору жиберет.

4Бирок Теңир Ысрайылдын малын Мисирдин малынан бөлүп коёт. Ысрайыл уулдарынын малынан бирөө да өлбөйт”».

5Теңир убакытты белгилеп: «Муну Теңир эртең ушул жерде жасайт», – деди.

6Теңир муну эртеси күнү жасады, ошондо Мисирдин бардык малы кырылып калды, бирок Ысрайыл уулдарынын малынан бирөө да өлгөн жок.

7Фараон билип келгенге киши жиберсе, ысрайылдыктардын малынан бирөө да өлбөптүр. Бирок фараондун жүрөгү катууланып, элди коё бербей койду.

8Ошондо Теңир Муса менен Арунга мындай деди: «Мештен бир уучтан күл алгыла. Муса аны фараондун көз алдында асманга чачсын.

9Ошондо бүткүл Мисир жерин чаң каптап, бүткүл Мисир жериндеги адамдар менен малга ириңдүү жара чыгат».

10Алар мештен күл уучтап алып, фараондун алдына келишти. Муса аны асманга чачты, ошондо адамдар менен малга ириңдүү жара чыкты.

11Сыйкырчылар жарадан улам Мусанын алдында туруштук бере алышпады, анткени жара сыйкырчыларга жана бүт мисирликтерге чыккан эле.

12Бирок Теңир фараондун жүрөгүн катуулантып койгондуктан, Теңир Мусага айткандай эле, фараон аларды уккан жок.

13Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Эртең эрте туруп, фараондун алдына барып, ага мындай де: Эврейлердин Кудай-Теңири мындай дейт: “Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.

14Анткени бул жолу Мен сени, кулдарыңды жана элиңди катуу жазалайм, ошондо сен бүт жер үстүндө Мага теңдеш эч ким жок экенин билесиң.

15Эгерде Мен колумду сунсам, анда сен элиң менен кошо жугуштуу оорудан кырылмаксың, жер бетинен жок болмоксуң.

16Бирок сага Өзүмдүн күчүмдү көрсөтүш үчүн, Менин ысымым бүт жер жүзүндө белгилүү болуш үчүн, Мен сага тийген жокмун.

17Сен Менин элимди коё бергиң келбей, дагы эле каршы болуп жатасың.

18Мен эртең так ушул убакта Мисир негизделген күндөн тартып азыркыга чейин болуп көрбөгөн өтө катуу мөндүр жаадырам.

19Ошондуктан малыңды жана талаада эмнең болсо, ошонун баарын чогултканы киши жибер, ал эми үйгө келбей, талаада калган адамдарың да, малың да мөндүрдөн кырылат”».

20Фараондун кулдарынын ичинен Теңирдин сөзүнөн корккондору шашылыш барып, талаадагы кулдары менен малын үйлөрүнө алып келишти.

21Ал эми Теңирдин сөзүнө көңүл бурбагандары кулдары менен малын талаага калтырышты.

22Ошондо Теңир Мусага: «Колуңду асманга көтөр, бүткүл Мисир жерине, элине, малына жана Мисир жериндеги бардык өсүмдүктөргө мөндүр түшөт», – деди.

23Муса таягын асманга көтөрдү. Ошондо Теңир күн күркүрөтүп, мөндүр жаадырды, жер бетин от каптады. Ошентип, Теңир Мисир жерине мөндүр жаадырды.

24Мөндүр менен кошо от да жаады, мөндүр абдан катуу болду. Мисирде эл отурукташкандан бери мындай болгон эмес.

25Ошентип, мөндүр бүткүл Мисир жерин талкалады, талаада эмне болсо, ошонун баарын: адамдарды, малдарды кырып, өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды талкалап кетти.

26Ысрайыл уулдары жашаган Гошен жерине гана мөндүр жааган жок.

27Ошондо фараон Муса менен Арунду киши жиберип чакыртып алып: «Бул жолу мен күнөө кылдым, Теңир адилеттүү, мен жана менин элим болсо айыптуу.

28Теңирге сыйынгылачы, Кудайдын күн күркүрөөсү менен мөндүрү басылсын. Ошондо мен силерди коё берем, мындан ары кармабайм», – деди.

29Муса ага: «Мен шаардан чыгарым менен Теңирге колумду сунам. Күндүн күркүрөгөнү да, мөндүр да басылат, ошондо сен жер Теңирдики экенин билесиң.

30Бирок мен сен да, кулдарың да дагы эле Кудай-Теңирден коркпоруңарды билем», – деди.

31Зыгыр менен арпаны да мөндүр талкалап кетти, анткени арпа баш алып, зыгыр гүлдөп калган эле.

32Ал эми буудай менен кайрак буудайды мөндүр талкалаган жок, анткени алар кеч себилген эле.

33Муса фараондон чыгып, шаардан узагандан кийин, Теңирге колун сунду. Ошондо күндүн күркүрөгөнү да, мөндүр да, жерге куйган жамгыр да басылды.

34Фараон жамгырдын да, мөндүрдүн да, күндүн күркүрөгөнү да басылганын көргөндө, күнөө кылганын улантты, ал өзү да, анын кулдары да жүрөктөрүн катуулантышты.

35Теңир Муса аркылуу айткандай, фараондун жүрөгү катууланып, Ысрайыл уулдарын коё бербей койду.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>