Ырдын ыры 1:1-16 KYB2004 - Bible AI

1«Ал мени оозу менен өпсүн! Анткени сенин сүйүүң шараптан артык.

2Сенин жыпар жыттуу майларың кандай сонун жыттанат, сенин атың төгүлгөн миррадай, ошондуктан сени кыздар сүйүшөт».

3«Мени өзүңө тарт!» «Биз сенин артыңдан чуркайбыз». «Падыша мени өзүнүн ички бөлмөлөрүнө киргизди». «Биз сага суктанабыз, сага кубанабыз. Сенин шараптан артык сүйүүңдү мактайбыз. Сен сүйүүгө татыктуусуң!»

4«Иерусалим кыздары! Мен кара торумун, бирок Кейдардын чатырындай, Сулаймандын пардасындай сулуумун.

5Менин кара торулугума карабагыла, анткени мен күнгө күйүп калгамын. Энемдин уулдары мага ачууланып, жүзүмзарларды кайтартып коюшту, ошондуктан өзүмдүн жүзүмзарымды кайтарган жокмун.

6Айтчы мага, жаным сүйгөн жигитим, койлоруңду кайсы жерге жаясың? Түштө кайда эс аласың? Койлорун кайтарган жолдошторуңдун жанында жүзүн жапкан аял сыяктуу жүрө беремби?»

7«Аялдардын эң сулуусу, эгерде сен муну билбесең, анда койлордун изи менен бар, улактарыңды койчулардын чатырларынын жанына кайтар.

8Сүйгөн кызым, мен сени фараондун арабасына чегилген байталга окшоштурам.

9Таажы алдындагы жүзүң, мончок тагылган мойнуң кандай сонун.

10Биз сага күмүш менен жээктелген алтын таажы жасап беребиз».

11«Падыша дасторкон үстүндө отурганда, менин жыпар жыттуу майымдын жыты аңкып турду.

12Менин сүйгөн жигитим төшүмдө жүргөн бир тутам миррадай.

13Менин сүйгөн жигитим Эйин-Геди жүзүмзарларындагы кипердин сабагындай».

14«Оо, кандай сулуусуң, сүйгөн кызым, кандай сулуусуң, сенин көзүң көгүчкөндүн көзүндөй».

15«Оо, кандай сулуусуң, сүйгөн жигитим, өзүңө тартып турасың! Төшөгүбүз көк шибер,

16үйүбүздүн чатыры кедр жыгачынан, үйүбүздүн шыбы кипарис тактайынан».

>