1«Мен Шарондун нарцисс гүлүмүн, өрөөндүн лилия гүлүмүн.
2Тикенектин арасында лилия гүлү кандай болсо, кыздардын арасында сүйгөн кызым ошондой».
3«Токойдогу бак-дарактын арасында алма багы кандай болсо, жигиттердин арасында менин сүйгөн жигитим ошондой. Мен анын көлөкөсүндө отурганды жакшы көрөм, анын мөмөлөрү таңдайымда таттуу.
4Ал мени той үйүнө алып кирди, анын менин үстүмдөгү туусу – сүйүү.
5Мени мейиз менен кубаттандыргыла, алма менен сергиткиле, анткени мен сүйүүдөн алсырап баратам.
6Сүйгөн жигитимдин сол колу менин башымдын астында, ал эми оң колу менен мени кучактайт».
7«Иерусалим кыздары, мага жейрен менен, элик менен ант бергиле: өзү кааламайынча, сүйгөн кызымды ойготпогула, тынчын албагыла».
8«Сүйгөн жигитимдин үнү чыгып жатат! Мына, ал келе жатат, тоолор менен чаап, адырлар менен секирип келе жатат.
9Менин досум жейренге же жаш бугуга окшош. Мына, ал биздин дубалдын ары жагында туруп алып, терезеден карап жатат, терезенин торунан тиктеп жатат!
10Сүйгөн жигитим мага минтип сүйлөй баштады: “Тур, сүйгөн кызым, сулуум, жүр мени менен!
11Мына, кыш да өтүп кетти, жаан жаачу учур бүтүп, жаан басылды.
12Жер бетине гүлдөр чыга баштады, ырдай турган мезгил келди, өлкөбүздө бактек үнү угула баштады.
13Анжыр багы бүчүр жарды, жүзүм сабактары гүлдөп, жытын аңкытып жатат. Тур, сүйгөн кызым, сулуум, жүр мени менен!
14Аска-зоонун далдасындагы, аскалардын жаракасындагы көгүчкөнүм! Мага жүзүңдү көрсөт, мага үнүңдү угуз! Анткени үнүң таттуу, жүзүң жагымдуу!”
15Бизге жүзүмзарларды бүлдүрүп жаткан түлкүлөрдү, бачикилерди кармап бергиле, анткени жүзүмзарларыбыз гүлдөп жатат.
16Сүйгөн жигитим мага таандык, мен ага таандыкмын, ал лилия гүлдөрүнүн арасында кой кайтарып жүрөт.
17Таң агарып, көлөкөлөр кача баштаганга чейин кайрылып кел, жейрендей же тоонун жаракасындагы жаш бугудай бол!