1Түн ичинде төшөгүмдө жатканда, жаным сүйгөн жигитти издедим, аны издедим, бирок таппай койдум.
2Мен эми турайын, шаарды, көчөлөрдү, аянттарды аралап, жаным сүйгөн жигитти издейин. Мен аны издедим, бирок таппай койдум.
3Менин алдыман шаарды кыдырып жүргөн күзөтчүлөр чыгышты, мен алардан: “Силер менин жаным сүйгөн жигитти көрдүңөрбү?” – деп сурадым.
4Бирок мен алардан өтө бергенде жаным сүйгөн жигитимди таптым. Мен аны бек кармап алып, энемдин үйүнө алып келгенче, энемдин төркү үйүнө алып келгенче коё берген жокмун».
5«Иерусалим кыздары, жейрен менен, элик менен ант бергиле: өзү кааламайынча, сүйгөн кызымды ойготпогула, тынчын албагыла».
6«Күйүп жаткан миррадан, фимиамдан жана мирра кайнаткан адамдын ар кандай аралашмасынан чыккан түтүн түрмөгүндөй болуп, чөлдөн келе жаткан бул ким?
7Бул – Сулаймандын көтөрүп жүрмө тактысы, аны Ысрайыл уулдарынан тандалган алтымыш жигит кайтарып турат.
8Алардын баары бирден кылыч кармап турат, баары майданда тажрыйбалуу, түнкү коркунучтан улам ар биринин белинде кылыч.
9Сулайман өзүнө Лебанон дарагынан көтөрүп жүрмө такты жасады.
10Анын мамыларын күмүштөн, чыканак койчу кырларын алтындан, отургучун кочкул кызыл жибектен жасады, ичин Иерусалим кыздарынын сүйүүсү менен жасалгалаган.
11Сиондун кыздары, келгиле, таажы кийип отурган Сулайман падышаны көргүлө. Бул таажыны энеси үйлөнүү той күнү, жүрөгү кубанычка баткан күнү кийгизген».