1«Бери кара, бери кара, Шуламит, бери кара, бери кара, биз сени көрөлү». «Манайимдин ыр-бийлерин көргөнсүп, Шуламитти көрүп эмне кыласыңар?
2Оо атактуу кыз, сандал кийген буттарың кандай сонун! Бутуңдун сулуулугу чебер устанын колунан чыккан жасалгадай!
3Киндигиң жыпар жыттуу шарабы түгөнбөгөн тегерек чөйчөктөй. Ичиң лилия гүлдөрү менен жээктелген буудай боосундай.
4Төшүң эки улактай, эгиз жейрендей.
5Мойнуң пилдин сөөгүнөн жасалган мамыдай, көздөрүң Бат-Рабимдин дарбазасынын жанындагы Кешпон көлүндөй, мурдуң Дамаскты караган Лебанон мунарасындай.
6Башың Кармел тоосундай, башыңдагы чачың кочкул кызыл жибектей. Тармал чачың падышаны өзүнө тартып турат.
7Өзүңдүн сүйкүмдүү келбетиң менен кандай сулуусуң, кандай жагымдуусуң, сүйгөн кызым!
8Сенин бул келбетиң курма пальмасына, төшүң жүзүм шиңгилине окшош.
9“Пальмага чыксам, анын бутактарын кармасам”, – деп ойлодум. Төшүң мен үчүн жүзүм шиңгилиндей, таноолоруңдан чыккан жыт алманын жытындай болсун.
10Оозуң эң сонун шараптай». «Ал түз эле досумдун оозуна агып жатат, чаңкагандарды кандырат.
11Мен өз досума таандыкмын, анын эңсегени менмин.
12Кел, сүйгөн жигитим, талаага чыгалы, айыл-кыштактарда түнөйлү.
13Эртең менен жүзүмзарларга баралы, жүзүм сабактары өсүп чыктыбы, бүчүрлөрү ачылдыбы, анар гүлдөдүбү, көрөлү. Ошол жерде мен сага сүйүүмдү көрсөтөм.
14Мандрагорлор аңкыган жытын чыгарышты, эшигибиздин алдында ар кандай сонун мөмөлөр, жаңысы да, эскиси да бар. Буларды мен сен үчүн сактадым, сүйгөн жигитим.