1Амостун уулу Ышайанын Жүйүт жана Иерусалим тууралуу Жүйүт падышалары Узиянын, Жотамдын, Ахаздын, Хискиянын тушунда көргөн көрүнүшү.
2Асман, уккун, жер, кулак салгын, анткени Теңир сүйлөп жатат: «Мен уулдарды өстүрүп, жогору көтөрдүм, бирок алар Мага каршы чыгышты.
3Өгүз өз ээсин билет, эшек да кожоюнунун акырын билет, Ысрайыл болсо Мени билбейт, Өз элим түшүнбөйт».
4Оо күнөөгө баткан эл, мыйзамсыздыктын оор жүгүн тарткан эл, кылмышкерлердин тукуму, бузулган уулдар! Теңирди таштап коюшту, Ысрайылдын Ыйыгын жек көрүп, артка бурулуп кетишти.
5Өзүнүн өжөрлүгүнөн кайтпагандар, силерди дагы кайсы жериңерге урсам болот? Ар бир баш жара, ар бир жүрөк оорулуу.
6Анын бутунан башына чейин соо жери жок: жараат, тырык, ириңдеген жара, тазаланбаган, таңылбаган, май менен жумшартылбаган.
7Жериңер кыйратылды, шаарларыңар өрттөлдү, талааларыңарга эккениңерди өзүңөрдүн көзүңөрчө эле башкалар жеп жатат, душмандар талкалап кеткенсип, бардыгы ээн калды.
8Ошентип, Сион кызы жүзүмзардагы чатырдай, бактагы алачыктай, курчоодо калган шаардай болуп калды.
9Себайот Теңир бизге бир аз калдык калтырбаганда, биз Содомдой болуп калмакпыз, Аморго окшоп калмакпыз.
10Теңирдин сөзүн уккула, Содом төрөлөрү! Биздин Кудайдын мыйзамына кулак сал, Амор эли!
11«Мага силердин көп курмандык чалганыңардын кереги эмне? – дейт Теңир. – Мен силердин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалган койлоруңарга, борго байлап семиртилген малыңардын майына тойдум, букачарлардын да, козулардын да, улактардын да канын каалабайм.
12Менин алдымда туруш үчүн келгениңерде, короомду тебелегиле деп, силерден ким талап кылып жатат?
13Мага курмандыктарды алып келгениңер бекер, жыпар жыттуу зат түтөткөнүңөр Мен үчүн жийиркеничтүү. Ай жаңырган күнгө, ишемби күнгө, майрамдык жыйындарыңарга чыдай албайм, анткени мыйзамсыз иштерди кылуу менен катар эле майрамдайсыңар!
14Силердин ай жаңырганда өткөргөн майрамдарыңарды жана башка майрамдарыңарды Менин жаным жек көрөт. Алар Мен үчүн оор жүк, аларды көтөрүү Мен үчүн оор.
15Колуңарды сунганыңарда, силерди көрбөш үчүн, көзүмдү жумуп алам. Канчалык жалынып-жалбарсаңар да, Мен укпайм, анткени силердин колуңар канга толгон.
16Жуунгула, тазалангыла, Менин көз алдымда жаман иштерди кылбагыла, жамандык кылганыңарды токтоткула.
17Жакшылык кылганды үйрөнгүлө, чындыкты издегиле, эзилгендерди куткаргыла, жетимдерди коргогула, жесирлерге болушкула.
18Ошондон кийин гана келгиле, ошондо талкуулап көрөбүз, – дейт Теңир. – Эгерде силердин күнөөлөрүңөр кыпкызыл болсо, Мен аны аппак кардай агартам. Эгерде кочкул кызыл болсо, Мен аны ак жүндөй агартам.
19Эгерде тилимди алууну каалап, Мени уксаңар, анда жердин ырыскысынан жейсиңер.
20Эгерде баш тартып, өжөрлөнсөңөр, анда кылычтан өлөсүңөр, анткени Теңир ушинтип айтып жатат.
21Адилеттик өкүм сүргөн ишенимдүү шаар бузулган аялдай болуп калды! Ал шаар акыйкаттык өкүм сүрүп турган шаар эле, азыр болсо киши өлтүргүчтөрдүн шаарына айланды.
22Күмүшүң күйүп калды, шарабың суу кошулуп бузулду.
23Төрөлөрүң – мыйзамды бузуучулар, ууру-кескилердин шериктештери. Алардын бардыгы белек алганды жакшы көрүшөт, пара алганга умтулушат, жетимдерди коргошпойт, жесирдин арыз-муңуна кулак төшөшпөйт».
24Ошондуктан Теңир, Себайот Теңир, Ысрайылдын Кудуреттүүсү мындай дейт: «Душмандарымды жазалоо менен Өзүмдү ыраазы кылам, душмандарымдан өч алам!
25Сага каршы Өз колумду сунам, сени шакарга салып, бардык кошундулардан тазалайм, сенден коргошунду бөлүп салам.
26Сага мурдагыдай кылып башкаруучуларды коём, баштагыдай кылып кеңешчилерди коём. Ошондон кийин сени “Чындыктын шаары, ишенимдүү борбор” деп аташат».
27Сион акыйкаттык менен куткарылат, анын Кудайга кайрылган уулдары чындык менен куткарылат.
28Ал эми баш тарткандарга жана күнөөгө баткандарга өлүм, Теңирди таштагандар да өлүп жок болушат.
29Алар эмен токойлору үчүн уятка калышат, аларга силер аябай тартылып турчу элеңер. Силер өзүңөргө тандап алган токойчолор үчүн алар маскара болушат.
30Анткени силер жалбырагы күбүлүп калган эмен дарагындай, суусу жок бактардай болосуңар.
31Күчтүүсү чалдыбары чыккан кийимдей болуп калат, анын иши учкундай болот, экөө бирге күйөт, эч ким өчүрбөйт.