Ышайа 10:1-34 KYB2004 - Bible AI

1«Адилетсиз мыйзам чыгаргандарга, ырайымсыз чечимдерди жазгандарга кайгы!

2Анткени алар бей-бечараларды акыйкаттыктан четтетишет, Менин элимдин ичиндеги жакырларды укугунан ажыратышат, жесирлерди өздөрүнө олжо кылышат, жетимдерди талап-тоношот.

3Алыстан бүлгүн келип, жазалана турган күн келгенде, силер эмне кыласыңар? Кимге жардам сурап кайрыласыңар? Байлыгыңарды кайда калтырасыңар?

4Менсиз силер туткундардын арасында бүкүрөйүп каласыңар, өлтүрүлгөндөрдүн арасына кулайсыңар». Ошондо да Анын каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.

5«Оо Ашур, Менин каарымдын таягы! Анын колундагы таяк Менин каарым!

6Мен аны кудайсыз элге каршы жана Мени каарданткан элге каршы жиберем. Мен ага ошол элди талап-тоноону, олжолоону жана көчөдөгү баткактай тебелеп-тепсөөнү буйрук кылам.

7Бирок ал мындай деп ойлобойт, анын жүрөгү башканы ойлойт, анын жүрөгүндө – бир топ элдерди кыйратуу, жок кылуу.

8Анткени ал мындай дейт: “Падышалардын баары Менин төрөлөрүм эмес бекен?

9Кално Каркемиштей эмес бекен? Хамат Арпаттай эмес бекен? Самария Дамасктай эмес бекен?

10Менин колум буркандары Иерусалим менен Самарияныкына караганда көп болгон бутпарас падышачылыктарды ээлеп алды.

11Анан мен Самарияга жана анын буркандарына кылганымды Иерусалимге жана анын жасалма кудайларына кылбай коймок белем?”»

12Теңир Өзүнүн бардык иштерин Сион тоосунда жана Иерусалимде бүтүргөндөн кийин: «Ашур падышасынын текебер жүрөгү жеткен ийгиликти жана жогору караган көздөрүнүн менменсингендигин көрөм», – дейт.

13Ал: «Мен муну өз колумдун күчү менен, өз даанышмандыгым менен кылдым, анткени мен акылдуумун. Элдердин чек арасын жылдырып жатам, алардын казына-байлыктарын талап-тоноп жатам, дөөдөй болуп тактарынан кулатып жатам.

14Менин колум элдердин байлыктарын уяны тартып алгандай тартып алды. Уяларда калган жумурткаларды алгандай, мен бүт жерди тартып алдым, эч ким канатын кыймылдаткан жок, эч ким ооз ачкан жок, эч ким кыңк эткен жок», – деп жатат.

15Балта өзү менен чаап жатканга кыйынсынмак беле? Араа өзү менен араалап жатканга менменсинмек беле? Союл өзүн көтөрүп жатканга каршы чыккансыйт! Таяк жыгач эмеске каршы көтөрүлгөнсүйт!

16Ошон үчүн Эгедер, Себайот Теңир, анын семиздерин арыктатат, анын атактууларынын арасында оттун жалынындай жалын чыгарат.

17Ысрайылдын Жарыгы от болуп, анын Ыйыгы жалын болуп, коко тикендери менен тикенектерин бир күндө жалмап,

18атактуу токою менен багын түп-тамыры менен жок кылат. Ошондо ал алсырап өлүп бара жаткан адамдай болот.

19Анын токоюнда дарактар ушунчалык аз калгандыктан, аларды жаш бала да эсептеп чыга алат.

20Ошол күнү мындай болот: Ысрайылдын калдыгы, Жакыптын тукумунун аман калгандары, өздөрүн өлтүрүп жаткандарга таянбай калышат, тескерисинче, алар Ысрайылдын ыйык Теңирине чын жүрөктөн таянышат.

21Калдык кайрылат, Жакыптын калдыгы, кудуреттүү Кудайга кайрылат.

22Анткени Сенин элиң, Ысрайыл, деңиздин түгөнгүс кумундай болсо да, калдыгы гана кайрылат. Жок кылуу чечими чыкты, ал акыйкаттыкка толгон.

23Анткени жок кылуу чечимин Себайот Кудай-Теңир бүт өлкөдө ишке ашырат.

24Ошондуктан Эгедер, Себайот Теңир, мындай дейт: «Сиондо жашаган Менин элим, Ашурдан коркпо! Ал сени таяк менен чабат, Мисирдей болуп сага союлун көтөрөт.

25Дагы бир аздан кийин, бир аз эле убакыттан кийин Менин сага каршы каарым кайтат, Менин жаалым аларды кырууга бурулат».

26Сур-Орейип аскасынын жанында мидиандыктарды кыйраткандагыдай, Себайот Теңир ага камчы көтөрөт же Өзүнүн таягын деңизге көтөрүп, мисирликтерди чөктүргөндөй чөктүрөт.

27Ошол күнү мындай болот: ийниңен анын жүгү алынат, мойнуңан анын моюнтуругу алынат, семиздиктен моюнтурук талкаланат.

28Ал Айатка бара жатат, Мигрон аркылуу өтүп бара жатат, азык-түлүгүн Мукмаска жыйнап жатат.

29Тар жерлерден өтүштү, Гебада түнөштү, Рама солкулдады, Шабулдун Гибасы туш-тушка качты.

30Галим кызы, улуп-уңшуп ыйла! Сени Лаиш уксун, бактысыз Анатот!

31Мадмейна туш-тушка качып кетти, Гейбимде жашагандар качканга шашылып жатышат.

32Ал дагы бир күн Нопто турат. Ал өзүнүн колу менен Сион тоосун, Иерусалим дөңсөөсүн коркутуп жатат.

33Мына, Эгедер, Себайот Теңир, коркунучтуу күч менен бак-дарактардын бутактарын жулат, бою менен мактангандар кыйылат, бийик өскөндөрү жерге кулатылат.

34Токойлордун калың жерлерин темир менен кыят, Лебанон Кудуреттүүнүн колунан кулайт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>