1Жышайдын тамырынан бутак чыгат, анын тамырынан жаш бутак өсүп чыгат.
2Анын үстүнө Теңирдин Руху, даанышмандык жана акылмандык руху, кеңеш жана күч руху, билим жана Теңирден коркуу руху түшөт.
3Ал Теңирден коркуу рухуна толот, Өзүнүн көзү менен көргөнү боюнча соттобойт, Өзүнүн кулагы менен укканы боюнча иш чечпейт.
4Ал алсыздарды адилеттик менен соттойт, жерде азап чеккендердин ишин акыйкаттык менен чечет. Ал оозунун таягы менен жерди кыйратат, оозунун руху менен мыйзамсызды өлтүрөт.
5Чындык Анын ичинин курчоосу болот, акыйкаттык Анын белиндеги куру болот.
6Ошондо карышкыр козу менен бирге жашайт, илбирс улак менен бирге жатат. Музоо, жаш арстан, өгүз бирге болушат, алардын баарын жаш бала жетелейт.
7Уй ургаачы аюу менен бирге жайылып жүрөт, алардын балдары да бирге жатышат. Арстан өгүздөй болуп чөп жейт.
8Эмчектеги наристе уулуу жыландын ийнинин үстүндө ойнойт, эмчектен чыккан бала жыландын ийнине колун салат.
9Менин ыйык тоомдун бүт жеринде жамандык кылышпайт, зыян келтиришпейт, анткени деңиз сууга толгонсуп, жер Кудайдын билимине толот.
10Ошол күнү мындай болот: элдер үчүн белги боло турган Жышайдын тамырына бутпарас элдер кайрылышат, анын даңкы тынчтык болот.
11Ошол күнү мындай болот: Ашурда, Мисирде, Патросто, Кушта, Эйламда, Шинарда, Хаматта жана деңиз аралдарында калган Өз элинин калдыгын кайрып келиш үчүн, Теңир кайрадан колун сунат.
12Теңир ал бутпарас элдерге белги берип, Ысрайылдын куулуп кеткендерин чогултат, Жүйүттүн чачырап кеткендерин төгөрөктүн төрт бурчунан чакырып алат.
13Эпрайымдын көз артуусу жоголот, Жүйүткө каршы кастык кылгандар кырылат. Эпрайым Жүйүткө көз артпай калат, Жүйүт да Эпрайымга кысым көрсөтпөй калат.
14Алар пелиштиликтердин жонуна минип, батышка учуп барышат, чыгыштын бүт уулдарын талап-тоношот. Эдом менен Маапка кол салышат, Амондун уулдары алардын кол астына өтөт.
15Анан Теңир Мисир деңизинин булуңун кургатат, Өзүнүн колун сунуп, Өзүнүн катуу шамалы менен аны жети өзөнгө бөлөт, ошондо андан сандалын чечпей өтө алышат.
16Ошондо Ысрайыл эли үчүн Мисир жеринен чыккан күнү чоң жол салынгандай, Ашурда калган Өз элинин калдыгы үчүн чоң жол салынат.