1Ошол күнү сен мындай деп айтасың: «Даңктайм Сени, Теңир! Сен мага каардандың, бирок каарыңды басып, мени соороттуң!
2Кудай менин куткарылуум, Ага таянам, ошондуктан коркпойм. Анткени менин күчүм да, ырым да – Кудай-Теңир, Ал менин Куткаруучум болду».
3Куткаруу булагынан кубаныч менен суу сузуп аласыңар.
4Ошол күнү мындай деп айтасыңар: «Теңирди даңктагыла, Анын ысымын чакыргыла! Анын иштери жөнүндө элдерге кабарлагыла, Анын ысымы улуу экенин эскерткиле!
5Теңирди даңктап ырдагыла, анткени Ал улуу иш жасады, муну бүт жер жүзү билсин!»
6Кубан, шаттан, Сион тургуну, анткени силердин араңардагы Ысрайылдын Ыйыгы улуу!