1Анын мезгили жакын калды, анын күндөрү кечикпейт. Анткени Теңир Жакыпка ырайым кылат, Ысрайылды кайрадан тандап алат. Аларды өз жерине көчүрөт, ошондо аларга чет жерликтер кошулат, Жакыпка жабышышат.
2Элдер аларды өз жерине алып келишет, Ысрайыл аларды өзүнө Теңирдин жеринде кул жана күң кылып алат, аларды туткундап алгандарды туткундап алат, аларды эзгендердин үстүнөн бийлик кылат.
3Теңир сени кайгыдан, коркунучтан, сени кулга айландырган оор эзүүдөн куткарып, сага тынчтык берген күнү
4сен Бабыл падышасы жөнүндө мындай деп жеңиш ырын ырдайсың: «Эзүүчү жок болору менен талап-тоноочулук жок болду».
5Теңир мыйзамсыздардын союлун, өкүмдарлардын бийлик таягын сындырды.
6Ал таяк жаалданып, өзүнүн токтотулбас соккулары менен элдерди кырган, каарданып, ээ-жаа бербеген куугунтук менен урууларга үстөмдүк кылган.
7Бүт жер эс алып, тынч жатат, кубанычтан кыйкырып жатат.
8Сенин кулаганыңа кипаристер да, лебанон кедрлери да: «Сен уктап калгандан бери бизди кыйганы эч ким келген жок», – деп кубанып жатышат.
9Сен үчүн, сени кирип бара жатканда тосуп алыш үчүн, түпкүрдөгү өлгөндөр жаткан жай кыймылга келди. Сен үчүн өлгөндөрдү, жер жүзүнүн бардык жол башчыларын ойготту, бутпарас элдердин бардык падышаларын тагынан тургузду.
10Алардын бардыгы сага: «Сен да биз сыяктуу алсыз болуп калдың! Сен да бизге окшоп калдың!» – дешет.
11Сенин сыймыгың арфаңдын үнү менен кошо өлгөндөр жаткан жайга түшүрүлдү. Астыңа курттар төшөлдү, үстүңдөгү жабууң да курт болду.
12Таң жылдызы, таң уулу, сен асмандан кандай куладың! Элдерди тебелеп-тепсөөчү, сен жерге кулап түшүп, кандай талкаландың!
13Бирок сен өз жүрөгүңдө мындай деп айттың эле: «Асманга чыгып, тагымды Кудайдын жылдыздарынан жогору коём, тоодо, сансыз кудайлардын арасында, түндүктүн четинде отурам.
14Булуттардын үстүнө чыгам, Бардыгынан Жогору Тургандын өзүнө окшоп калам».
15Бирок сен өлгөндөр жаткан жайга, түпкүрдүн түбүнө түшүрүлдүң.
16Сени көргөндөр сенден көзүн албай, сен жөнүндө минтип ойлошот: «Жерди солкулдатып, падышачылыктарды титиреткен киши ушул беле?
17Ааламды чөлгө айланткан, анын шаарларын кыйраткан, өзүнүн туткундарын үйүнө коё бербеген киши ушул беле?»
18Элдердин бардык падышалары, бардыгы урмат-сый менен өз күмбөздөрүндө жатышат.
19Сен болсо өзүңдүн күмбөзүңдөн жарабаган бутактай болуп ыргытылдың, кылычтан өлгөндөрдүн кийиминдей болуп таш чуңкурга коюлдуң, сен тебеленген өлүктөй болдуң!
20Сен аларга мүрзөдө кошулбайсың, анткени сен өз жериңди талкаладың, өз элиңди кырдың: мыйзамсыздык кылгандардын тукуму кылымдар бою эскерилбейт.
21Атасынын мыйзамсыздыгы үчүн уулдарын сойгонго даярдагыла, алар көтөрүлүп чыгып, жерди ээлеп алып, ааламды душмандарга толтуруп жиберишпесин.
22«Аларга Мен каршы чыгам, – дейт Себайот Теңир, – Бабылдын ысымын жана калдыкты, уулун да, небересин да жок кылам, – дейт Теңир.
23Аны кирпилерге мурас кылып берем, саз кылам, аны кыйратуучу шыпыргы менен шыпырып салам», – дейт Себайот Теңир.
24Себайот Теңир мындай деп ант берип жатат: «Мен кандай ойлосом, ошондой болот; Мен кандай чечсем, ошондой аткарылат.
25Ашурду Өзүмдүн жеримде талкалайм, аны Өзүмдүн тоолорумда тебелейм, ошондо алардын мойнунан анын моюнтуругу түшөт, алардын ийининен анын жүгү алынат».
26Бүт жер жүзү жөнүндө чечилген чечим ушундай, бардык элдерге сунулган кол ушул!
27Анткени Себайот Теңир чечти, аны ким жокко чыгара алат? Анын колу сунулуу, ким аны тарта алат?
28Ахаз падыша өлгөн жылы мындай пайгамбарчылык сөз болгон:
29«Пелиштиликтердин жери, сени кыйраткан таяктын талкаланганына кубанба, анткени жылан тукумунан уулуу жылан чыгат, анын тукуму учуп жүрүүчү ажыдаар болот.
30Ошондо кедейлер тоюшат, жакырлар коопсуз жатышат, ал эми сенин тукумуңду ачарчылык менен кырам, ал сенин калдыгыңды жок кылат.
31Дарбазалар, ыйлагыла! Шаар, улуп-уңшуп ыйла! Бүт Пелишти жери, сен кыйрайсың, анткени түндүктөн түтүн каптап келе жатат, алардын аскерлеринин арасында артта калганы жок».
32Элдин кабарчылары эмне дешет болду экен? Алар: «Теңир Сионду бекемдеди, ал жерден Анын элинин жакырлары баш паана табышат», – дешет.