Ышайа 15:1-9 KYB2004 - Bible AI

1Маап жөнүндө пайгамбарчылык: Чынында эле, түн ичинде Ар-Маап талкаланып жок болот. Чынында эле, түн ичинде Кир-Маап талкаланып жок болот!

2Ал ыйлаш үчүн Байыт менен Дибонго чыгып бара жатат, бутканага чыгып бара жатат. Маап Небо менен Мейдеба үчүн боздоп ыйлап жатат. Алардын бардыгынын чачы кырылган, бардыгынын сакалы алынган.

3Анын көчөлөрүндө зумбал кийип жүрүшөт, анын үйлөрүнүн үстүндө, аянттарында бардыгы боздоп ыйлап, көз жашын көлдөтүп жатышат.

4Кешпон да, Элалей да боздоп ыйлап жатат. Алардын үнү Жааска чейин угулуп жатат. Алардын артынан Мааптын жоокерлери да боздоп ыйлап жатышат. Ал коркунучтан титиреп жатат.

5Жүрөгүм Маап үчүн боздоп ыйлап жатат. Анын качкындары Соарга, үчүнчү Эглатка качып жатышат. Лухитке ыйлап чыгып бара жатышат, Хоронайымга бараткан жолдо катуу кыйкырып бара жатышат.

6Анткени Нимримдин суулары соолуду, шалбаалар куурады, чөптөр күйүп кетти, өсүмдүктөр жок калды.

7Ошондуктан алар өздөрүнүн жыйнаган байлыгын, өздөрүнүн жыйган-тергенин Аравия дарыясынын аркы өйүзүнө ташып жатышат.

8Анткени Мааптын бүткүл аймагын ый басты. Анын ыйы Эглайымга чейин, Бейир-Эйлимге чейин жетип жатат.

9Анткени Димондун суулары канга толду, анткени Мен Димонго дагы жаңы мүшкүл салам. Мааптын качып чыккандарына да, өлкөдө калгандарына да арстандарды жиберем.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>