1Козуларды Селадан чөл аркылуу жер ээсине, Сион кызынын тоосуна жибергиле.
2Анткени Маап кыздары Арнон кечүүлөрүндө уясынан түшүп калып адашкан куштай болушат.
3Кеңеш түз, чечим чыгар. Чак түштө бизди өз көлөкөң менен түн ичиндегидей калкала, куугунтукта жүргөндөрдү жашыр, тентип жүргөндөрдү кармап бербе.
4Менин куугунтукта жүргөн мааптыктарым сеникинде жашай турушсун, талоончулардан качкан аларга баш паана бол, анткени эзүүчү жок болот, талап-тоноо токтойт, тебелеп-тепсегендер жер үстүнөн жок болушат.
5Ошондо падыша тагы ырайымдуулук менен бекемделет, ага Дөөттүн тукумунан чындыкты издеген, адилеттикке умтулган башкаруучу чындыктын негизинде отурат.
6Биз Мааптын текебердиги жөнүндө, ашкан текебердиги жөнүндө, менменсингендиги жөнүндө, бой көтөргөндүгү жөнүндө, тажаалдыгы жөнүндө укканбыз: ал курулай мактанат.
7Ошондуктан Маап үчүн Маап боздоп ыйлайт, бардыгы боздоп ыйлашат. Кир-Харесеттин негиздери үчүн онтогула, анткени алар биротоло талкаланды.
8Кешпон талаалары, ошондой эле Сыбма жүзүмзары куурады. Элдердин өкүмдарлары анын Жазерге чейин жеткен, чөлдө жайылган эң мыкты сабактарын жок кылышты. Алардын жаш бутактары жайылып, деңиздин аркы өйүзүнө өттү.
9Ошондуктан мен да Сыбманын жүзүм сабагы үчүн Жазердин ыйы менен ыйлайм. Кешпон жана Элалей, сага көз жашымды төгөм, анткени мындан кийин сенин жүзүмдөрүңдү жыйноо учурунда жана оруу-жыюу учурунда шаңдуу кубаныч болбойт.
10Түшүмдүү жерлерден кубаныч менен шаттык жоголот, жүзүмзарлардын арасында ырдашпайт, кубанышпайт. Жүзүмчү жүзүм сыгылуучу жайда жүзүм тебелебейт, анткени Мен кубанычтуу үндү бастым.
11Мына ошондуктан ички дүйнөм Маап үчүн арфадай онтойт, Кир-Харесет үчүн жүрөгүм сыздайт.
12Маап келип, бутканаларында чарчаганча жалынса да, өзүнүн ыйык жайына сыйынганы келсе да, эч нерсе жардам бербейт.
13Теңирдин Маап тууралуу небак эле айткан сөзү ушул.
14Азыр болсо Теңир мындай дейт: «Жалданган жылдар боюнча эсептегенде, үч жылдан кийин Мааптын текебердиги өзүнүн көп эли менен кошо басылат, аман калган калдыгы эң эле аз, анча-мынча эле болот».