1Дамаск жөнүндө пайгамбарчылык. «Мына, Дамаск шаарлардын эсебинен чыгат, үйүлгөн урандыга айланат.
2Аройердин ээн калган шаарлары малга калат, мал ошол жерге жайылат, аларды үркүткөн эч ким болбойт.
3Эпрайымдыктардын сепили да, Дамаск падышачылыгы да жок болот. Ысрайыл уулдарынын даңкына эмне болсо, Сириянын калган бөлүгүнө да ошондой болот», – дейт Себайот Теңир.
4«Ошол күнү Жакыптын даңкы кемийт, анын семиз денеси арыктайт.
5Орокчу эгин жыйнагандан кийин, анын колу машак тергенден кийин, Репа уулдарынын өрөөнүндө машак жыйнагандан кийин кандай болсо, ошол күнү ошондой болот.
6Зайтун дарагын күбүгөндөн кийин, эң башында калган эки-үч мөмөдөй же мөмөлүү шагында калган төрт-беш мөмөдөй андан калдык калат», – дейт Ысрайылдын Кудай-Теңири.
7Ошол күнү адам өзүнүн Жаратуучусуна кайрылат, анын көзү Ысрайылдын Ыйыгына бурулат.
8Ал курмандык чалынуучу жайларга да, өзүнүн колу менен жасалган иштерге да карабайт, өз колдору менен жасаган жасалма кудайларга – Ашейра менен Баалга да карабайт.
9Ошол күнү анын бекемделген шаарлары токойлордо жана тоолордун башында Ысрайыл уулдарынын алдында таштап кетишкен урандылардай болот. Ал чөлгө айланат.
10Анткени сен өзүңдү куткарган Кудайыңды унутуп койдуң, өзүң баш калкалаган асканы эсиңен чыгарып койдуң. Ошондуктан сен көңүл ачуучу бактарды көбөйттүң, башка бирөөнүн жүзүм сабагынан алып келип, жаш бутактарды отургуздуң.
11Алар өссүн деп, сепкендериң эрте гүлдөсүн деп, отургузган күнү кам көрдүң. Бирок түшүм жыйнаган күнү үйүлгөн түшүм эмес, оор кайгы болот.
12Оо, көп элдердин ызы-чуусу! Алар деңиз күркүрөгөндөй күркүрөп жатышат. Уруулардын өкүрүгү! Алардын өкүрүгү шар аккан суунун күрүлдөгөнүнө окшош.
13Элдер шар аккан суулардай күрүлдөп жатышат, бирок Теңир аларды коркутканда, алар алыс качып кетишти, алар тоолордогу шамал учурган топурактай, куюн сапырган чаңдай болушту.
14Кеч киргенде коркунуч басты! Бирок таң атканга чейин эле ал коркунуч жок болду. Бизди талап-тоногондордун үлүшү, бизди кыйраткандардын тагдыры ушундай.