1Эфиопия дарыяларынын аркы өйүзүндөгү канаттардын ызылдаганына толгон жерге кайгы!
2Ал – деңиз менен элчилерин жөнөткөн, сууларда камыш кемелер менен жүргөн жер. Күлүк элчилер, күчтүү, сергек элге, башынан ушул кезге чейин коркунучтуу болгон элге, дарыялар кесип өткөн жерди тебелеп-тепсеген узун бойлуу элге баргыла!
3Силер баарыңар, ааламда жашагандар, жер тургундары! Тоодон туу көтөрүлгөндө, карагыла, сурнай тартылганда, уккула!
4Анткени Теңир мага мындай деп айткан: «Жамгырдан кийинки жарык нурдай болуп, кырман маалындагы аптапта булуттан түшкөн шүүдүрүмдөй болуп, Мен Өзүмдүн турагымдан силерди тынч карап турам».
5Анткени жыйнаганга чейин эле, жүзүм гүлдөп бүтүп, мөмөсү быша баштаганда эле, Теңир бычак менен сабагын кесип салат, жаш бутагын кыйып салат.
6Анан бардыгын тоодогу жырткыч куштарга жана талаа жырткычтарына калтырышат. Ошондо жырткыч куштар ал жерде жайды өткөрүшөт, ал эми бардык талаа жырткычтары ошол жерде кышташат.
7Ошол учурда Теңир Себайотко, Теңир Себайоттун ысымы турган Сион тоосуна бардыгын тебелеп-тепсеп, эзелтен коркунуч туудуруп келген, жерин дарыялар кесип өткөн, узун бойлуу, күчтүү, сергек эл тартуу алып келет.