Ышайа 19:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Мисир жөнүндө пайгамбарчылык. Мына, Теңир жеңил булутка отуруп алып, Мисирге келе жатат жана Анын жүзүнөн Мисир буркандары титирейт, Мисирдин жүрөгү түшөт.

2«Мен мисирликтерди өздөрүнө каршы куралдандырам. Ошондо бир тууган бир тууганга каршы, дос доско каршы, шаар шаарга каршы, падыша падышага каршы салгылашат.

3Ошондо Мисирдин руху алсырайт, алардын кеңешин бузам. Ошондо алар буркандарга, сыйкырчыларга, өлгөндөрдү чакыргандарга, төлгөчүлөргө кайрылышат.

4Мисирликтерди ырайымсыз өкүмдардын колуна салып берем, аларга катаал падыша бийлик кылат», – дейт Теңир, Себайот Теңир.

5Деңиз суулары соолуйт, дарыя какшыйт.

6Өзөндөр сасыйт, Мисирдин каналдары какшыйт, жылгындар менен камыштар куурайт.

7Дарыянын боюндагы талаалар, дарыянын жээктери, дарыяны бойлото эгилгендин баары куурайт, шамал учуруп жок болот.

8Балыкчылар ыйлашат, дарыяга кайырмак салгандардын баары боздошот, сууга тор жайгандардын ындыны өчөт.

9Зыгыр иштеткендердин, ак кездеме токуучулардын айласы кетет.

10Тосмолордун негизи талкаланат, тирүү балык кармаган тору бар адамдардын баарынын көңүлдөрү чөгөт.

11Соан башчылары акылынан ажырашты. Фараондун акылдуу кеңешчилери берген кеңеш маанисиз кеңеш болуп калды. Силер фараонго: «Мен акылмандардын уулумун, байыркы падышалардын уулумун», – деп, кантип айтасыңар?

12Эми алар кана? Кана сенин акылмандарың? Алар сага айтышсын, Себайот Теңирдин Мисир жөнүндө кандай чечим чыгарганын билишсин.

13Соан башчылары акылдан адашышты, Ноп мырзалары алданып калышты, анын уруу башчылары Мисирди тескери жолго салышты.

14Теңир ага мас кылуучу рухту жиберди. Өз кусундусуна оонаган мастай кылып, алар Мисирди бардык ишинде адаштырышты.

15Мисирде баш да, куйрук да, пальма бутагы да, камыш да эч нерсе кыла албайт.

16Ошол күнү мисирликтер аялдарга окшоп калышат, Себайот Теңирдин аларга көтөрүлгөн колунан коркуп титирешет.

17Жүйүт жери Мисирдин үрөйүн учурган жер болуп калат. Жүйүт жөнүндө эстеген адам Себайот Теңирдин Мисирге чыгарган өкүмүнөн титирейт.

18Ошол күнү Мисир жериндеги беш шаар канаан тилинде сүйлөп, Себайот Теңир менен ант берет. Алардын бири Күн шаары деп аталат.

19Ошол күнү Теңирге арналган курмандык чалынуучу жай Мисирдин ортосунда болот жана Теңирге арналган эстелик анын чек арасында болот.

20Ал Мисир жеринде Себайот Теңир жөнүндө эскерткен белги жана күбөлөндүрүү болот. Анткени алар Теңирге эзүүчүлөрдүн айынан кайрылышат, ошондо Теңир аларга куткаруучу менен арачыны жиберип, аларды куткарып алат.

21Ошондо Мисирде Теңир Өзүн көрсөтөт, ошол күнү мисирликтер Теңирди таанышат, курмандыктарды чалышат, тартууларды алып келишет, Теңирге убадаларды беришет, аларды аткарышат.

22Ошентип, Теңир Мисирди урат да айыктырат. Алар Теңирге кайрылышат, Теңир аларды угуп, айыктырат.

23Ошол күнү Мисир менен Ашурдун ортосуна чоң жол салынат, ошондо ашурлуктар Мисирге, мисирликтер Ашурга келип турушат. Мисирликтер ашурлуктар менен бирге Теңирге кызмат кылышат.

24Ошол күнү Ысрайыл Мисир менен Ашурдан кийин үчүнчү болот, Кудайдын батасы жердин ортосунда болот.

25Анткени Себайот Теңир ал жерге: «Менин элим – мисирликтер баталуу, Менин колумдун иши – ашурлуктар баталуу, Менин мурасым – Ысрайыл эли баталуу», – деп бата берет.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>