1Амос уулу Ышайанын Жүйүт менен Иерусалим жөнүндө көргөн көрүнүшүндө айтылган сөз.
2Акыркы күндөрү Теңир үйү турган тоо бардык тоолордун башына коюлат, бардык дөбөлөрдөн жогору көтөрүлөт, ага бүт элдер агылып келишет.
3Көптөгөн элдер келип: «Келгиле, Теңирдин тоосуна чыгып, Жакыптын Кудайынын үйүнө кирели, Ал бизге Өз жолдорун үйрөтөт, ошондо биз Анын жолдору менен жүрөбүз. Анткени Сиондон мыйзам чыгат, Иерусалимден Теңирдин сөзү чыгат», – дешет.
4Ошондо Ал элдерди соттойт, көп уруулардын айыбын ашкере кылат. Кылычтарын соко кылып, найзаларын орок кылып кайра согуп иштеп чыгышат. Бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт, ошондон кийин согушууга үйрөнүшпөйт.
5Оо Жакып тукуму! Келгиле, Теңирдин жарыгында жүрөлү!
6Бирок Сен Өз элиңди, Жакыптын тукумун, таштап койдуң, анткени алар чыгыштан көп нерсени үйрөнүп алышты. Алардын пелиштиликтердикиндей сыйкырчылары бар, алардын башка элдердин уулдары менен байланышы бар.
7Алардын жери алтын менен күмүшкө толду, байлыгына эсеп жетпейт; алардын жери аттарга толду, арабаларына сан жетпейт.
8Алардын жери буркандарга – колдору менен жасаган нерселерге толуп кетти, алар өз колдору менен жасаган нерселерге табынып жатышат.
9Ошентип, адам ийилди; ошентип, адам басынды. Сен аларды кечирбейсиң.
10Теңирдин коркунучунан жана Анын улуу даңкынан качып, аскага бар, жерге жашын.
11Адамдын менменсинген көздөрү жер карайт, текебер адам кемсинтилет, ошол күнү Теңир гана жогору турат.
12Анткени Себайот Теңирдин күнү бардык текеберлерге, менменсингендерге, көтөрүлгөндөргө каршы келет, ошондо алар кемсинтилишет.
13Теңирдин күнү Лебанондун бийик, менменсинген бардык кедрлерине да, Башандын эмендерине да,
14бардык бийик тоолорго да, бардык бийик дөбөлөргө да,
15ар кандай бийик мунараларга да, ар кандай бекем дубалдарга да,
16Таршыштын бардык кемелерине да, алардын суктандырган жасалгаларына да каршы келет.
17Ошондо текебер адам кемсинтилет, менменсинген адам жер карайт, ошол күнү Теңир гана жогору турат.
18Буркандар да таптакыр жок болот.
19Теңир жерди кыйратканы турганда, адамдар Теңирдин коркунучунан, Анын улуу даңкынан качып, аска-зоолордун жаракаларына, жердин түпкүрүнө киришет.
20Ошол күнү адамдар табынуу үчүн күмүштөн жана алтындан жасап алган буркандарын көр чычкандарга жана жарганаттарга ташташат.
21Теңир жерди кыйратыш үчүн турганда, адамдар Теңирдин каарынан, Анын улуу даңкынан коркуп, аскалардын капчыгайларына, тоолордун жаракаларына качып киришет.
22Силер таноосунда деми бар адамдан үмүт кылганыңарды койгула, адам ким?