Ышайа 21:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Деңиз жээгиндеги чөл тууралуу пайгамбарчылык. Түштүктө учуп жүргөн бороондой болуп, ал чөлдөн, коркунучтуу жерден келе жатат.

2Мага коркунучтуу көрүнүш көрсөтүлдү: талоончу талап жатат, кыйратуучу кыйратып жатат. Тур, Эйлам! Мадай, курчоого ал! Мен бардык муң-зарды токтотом!

3Ошондуктан бүткөн боюм титиреп жатат, мен төрөп жаткан аялдай толгоо тартып жатам, төрөп жаткан аялдай кыйналып жатам. Мен эмнени угуп жатсам, ошондон толкунданып жатам; мен эмнени көрүп жатсам, ошондон коркуп жатам.

4Жүрөгүм дүкүлдөп, калтырап коркуп жатам. Мен үчүн кубанычтуу болгон түн коркунучтуу түнгө айланды.

5Yстөл даярдап жатышат, дасторкон жайып жатышат, ичип-жеп жатышат. Тургула, төрөлөр, калканыңарды майлагыла!

6Анткени Теңир мага: «Бар, күзөт кой. Ал көргөнүн айтып турсун», – деп айтты.

7Ошондо ал эки-экиден болуп келе жаткан атчан, эшекчен, төөчөн адамдарды көрдү. Ал көңүл коюп, бүт дитин коюп кулак төшөдү.

8Анан арстандай болуп мындай деп кыйкырды: «Мырзам, мен күзөттө күн бою турдум, түн бою өз ордумда турдум.

9Мына, адамдар – эки-экиден атчандар келе жатышат». Андан кийин ал мындай деп кыйкырды: «Кулады, Бабыл кулады. Анын бардык жасалма кудайлары жерде талкаланып жатат».

10Оо, менин бастырылган уулум, менин кырманымдын уулу! Мен Ысрайыл Кудайы Себайот Теңирден эмнени уксам, ошону силерге кабарладым.

11Дума тууралуу пайгамбарчылык. Мага Сеирден: «Күзөтчү! Түндүн канчасы калды? Күзөтчү! Таң атканга канча калды?» – деп кыйкырып жатышат.

12Күзөтчү: «Таң сүрүп келе жатат, бирок али түн. Эгерде сурагыңар келсе, сурагыла, кайра келгиле», – деп жооп берди.

13Аравия тууралуу пайгамбарчылык: «Дыдан кербендери, Аравиянын токоюна түнөгүлө!

14Тейма жеринде жашагандар! Суусагандардын алдынан суу көтөрүп тосуп чыккыла, качкындарды нан менен тосуп алгыла.

15Анткени алар сунулган кылычтан, тартылган жаадан, согуштун катаалдыгынан качып келе жатышат».

16Анткени Теңир мага мындай деп айтты: «Жалданган жыл боюнча эсептегенде, бир жылдан кийин Кейдардын бүткүл атак-даңкы жок болот.

17Ошентип, Кейдардын тайманбас уулдарынын жаалары да аз калат». Анткени Ысрайыл Кудайы, Теңир, ушинтип айтты.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>