Ышайа 22:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Аян өрөөнү тууралуу пайгамбарчылык. Сага эмне болду? Эмне үчүн сенин бүт элиң үйдүн төбөсүнө чыгып алды?

2Бака-шака түшкөн, толкунданган шаар, шаңдуу шаар! Сенин өлгөн элиң кылычтан өлгөн жок, согуштан кырылган жок.

3Сенин жол башчыларыңдын баары бирге качышты, бирок алар жаасыз эле колго түшүштү. Канчалык алыс качышпасын, сенин жоокерлериңдин бардыгы байлануу.

4Ошондуктан мен: «Мени жайыма койгула, мен катуу ыйлайм. Элимдин кызынын башына алаамат түшкөндө, мени сооротом деп аракет кылбагыла», – деп айтып жатам.

5Анткени Эгедерден, Себайот Теңирден, Аян өрөөнүнө алаамат түшүргөн, адам укугун тебелеген, дүрбөлөң салган күн келди. Дубалдарды уратып, кыйкырып жатышат. Алардын кыйкырыгы тоого жетип жатат.

6Эйлам саадак көтөрүп бара жатат. Арабада отурган адамдар, атчандар келе жатышат, Кир калканын колуна алды.

7Мына, сенин эң сонун өрөөндөрүң майдан арабаларына толду, атчандар дарбазанын тушуна катарга тизилип турушту.

8Алар Жүйүттүн жабуусун сыйрып алып жатышат. Ошол күнү сен кедр жыгачынан жасалган үйдө сакталып турган куралга көз жибересиң.

9Бирок силер Дөөттүн шаарынын дубалында тешиктер көп экенин көрүп турасыңар жана төмөнкү көлмөгө суу топтоп жатасыңар.

10Силер Иерусалимдеги үйлөрдү белгилеп жатасыңар, дубалдарды бекемдеш үчүн, үйлөрдү уратып жатасыңар.

11Эки дубалдын ортосуна эски көлмөнүн суулары үчүн суу сактагыч куруп жатасыңар. Бирок муну Жасап Жатканды көрбөй жатасыңар, муну эбак эле Чечип Койгонду карабай жатасыңар.

12Ошондуктан Теңир, Себайот Теңир, ушул күнү силерди ыйлаганга, кайгырганга, чачыңарды жулганга, белиңерге зумбал байлаганга чакырат.

13Бирок мына, шаттык жана кубаныч! Өгүздөрдү да, койлорду да союп жатышат. Эт жеп, шарап ичип: «Бүгүн ичип-жейли, анткени эртең өлөбүз!» – деп жатышат.

14Себайот Теңир менин кулагыма муну ачты: «Бул мыйзамсыздыгыңар силер өлгөнгө чейин кечирилбейт», – деди Теңир, Себайот Теңир.

15Теңир, Себайот Теңир, мындай деди: «Жөнө, падыша сарайынын кызматчысы, сарай башчысы Шебнага барып, мындай деп айт:

16“Бул жерде сенин эмнең бар, бул жерде сенин кимиң бар? Эмне үчүн сен өзүңө бул жерге, асканын бооруна мүрзө оюп жатасың?” Ал өзүнө бийик жерге, асканын бооруна мүрзө оюп жатат, өзүнө аскага турак жай оюп жатат».

17Мына, Теңир сени алп киши ыргыткандай ыргытып жиберет, тоголоктоп, мыкчып салат.

18Сени түйүнчөккө түйүп, кең жерге топтой кылып ыргытып жиберет. Сен ошол жерде өлөсүң, ошол жерде эң сонун майдан арабаларың мырзаңдын үйү үчүн шылдың болот.

19«Ошентип, сени турган жериңден түртүп жиберем, сени даражалуу жериңден кулатышат.

20Ошол күнү Өзүмдүн кулум Хилкиянын уулу Элийакимди чакырам.

21Ага сенин кийимдериңди кийгизем, белин сенин куруң менен курчайм, сенин бийлигиңди анын колуна өткөрүп берем. Ошондо ал Иерусалимдин тургундары үчүн да, Жүйүт үчүн да ата болуп калат.

22Анан Дөөттүн ачкычын анын ийнине салам; Ал ачат, эч ким жаппайт, ал бекитет, эч ким ачпайт.

23Аны бекем жерге кагылган мыктай кылам. Ошондо ал атасынын үйү үчүн атак-даңктын тагы болот.

24Ага атасынын үйүнүн, балдарынын жана неберелеринин бүт даңкы илинет, үй буюмунан тартып акыркы музыкалык аспаптарына чейин илинет.

25Ошол күнү, – дейт Себайот Теңир, – бекем жерге кагылган мык бошоп, суурулуп, жерге түшөт, ага илинген жүктүн баары түшөт». Анткени Теңир ушинтип айтып жатат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>