1Тир жөнүндөгү пайгамбарчылык: «Таршыштын кемелери, боздоп ыйлагыла, анткени ал кыйрады. Yйлөр да жок, үйлөргө кире турган адам да жок». Аларга Китим жеринен ушундай кабар келди.
2Деңизде жүрүүчү Сидон соодагерлерине толгон арал тургундары, унчукпай калгыла.
3Ал жерге зор дарыялар аркылуу Шихордун үрөндөрү, чоң дарыянын түшүмү алып келинип турчу, ал элдердин соода кыла турган жери болчу.
4Уял, Сидон, анткени деңиз, күчтүү деңиз, мындай деп айтып жатат: «Мен толгоо тартып төрөгөн жокмун, уулдарды чоңойткон жокмун, кыздарды өстүргөн жокмун».
5Бул кабар мисирликтерге жеткенде, алар Тир тууралуу укканда, титирешет.
6Таршышка көчүп кеткиле, аралдын тургундары, ыйлагыла!
7Байыркы күндөрдө эле негизделип, кубанып келген шаарыңар ушубу? Буттары аны алыскы өлкөдө тентип жүрүүгө алып бара жатат.
8Таажы тараткан, көпөстөрү төрө болгон, соодагерлери өлкөнүн атактуу кишилери болгон Тирге муну ким күн мурун белгилеп койду?
9Ар кандай даңктын текебердигин уятка калтырыш үчүн, жер үстүндөгү бүт атактууларды басынтыш үчүн, муну Себайот Теңир күн мурунтан белгилеп койгон.
10Таршыш кызы, өз жериңди дарыядай арала! Мындан ары тоскоолдук жок.
11Теңир Өз колун деңизге сунуп, падышачылыктарды силкилдетти. Теңир Канаан жөнүндө, анын сепилдерин кыйратууга буйрук берди.
12Ал мындай деди: «Маскара болгон кыз, Сидондун кызы, сен мындан ары кубанбайсың! Тур, Китимге бар, бирок сага ал жерде да тынчтык болбойт».
13Мына, Каздим жери. Бул эл мурун жок болчу. Ашур аны чөлдүн тургундарынан баштаган. Алар өздөрүнүн мунараларын тургузуп жатышат, анын сарайларын бузуп жатышат, аны урандыга айлантып жатышат.
14Таршыштын кемелери, ыйлагыла! Анткени силердин тирегиңер кыйрады.
15Ошол күнү Тир бир падышанын падышачылык күндөрүндөй, жетимиш жылга унутулат. Жетимиш жыл өткөндөн кийин, бузулган аял жөнүндө кандай ырдашса, Тир жөнүндө да ошондой ырдашат:
16«Лираңды колуңа ал, шаарды аралап чык, унутулган бузулган аял! Чебер ойно, көп ырда, сен жөнүндө эстешсин».
17Жетимиш жыл өткөндөн кийин Теңир Тирди эстейт. Ошондо ал кайрадан өз кирешесин таба баштайт, бүт жер жүзүндөгү падышачылыктардын баары менен бузукулук кылат.
18Бирок анын соодасы жана кирешеси Теңирге арналат, аларды кампаларга жыйнашпайт, сакташпайт. Анын соодадан түшкөн кирешеси Теңирдин алдында жашагандарга өтөт, ошондо алар тоё жешет, жакшы кийим кийишет.