Ышайа 25:1-12 KYB2004 - Bible AI

1Теңир! Сен менин Кудайымсың. Сени даңазалайм, Сенин ысымыңды мактайм, анткени Сен укмуштарды жараттың, байыркы убакта алдын ала белгилеп койгондоруң чындык, оомийин!

2Сен шаарды таштын үймөгүнө, чепти урандыга айланттың: шаарда бөтөн уруулардын үйлөрү калган жок, ал эч качан калыбына келтирилбейт.

3Ошондуктан Сени күчтүү элдер даңазалашат, коркунучтуу уруулардын шаарлары Сенден корко турган болушат.

4Анткени Сен жардыга тирек болдуң, жакырга башына кыйынчылык түшкөн күндөрдө таяныч болдуң, бороондо баш паана болдуң, аптапта көлөкө болдуң. Анткени канкор эзүүчүлөрдүн каардуу деми дубалдарга каршы соккон бороондой.

5Суусуз жердеги аптаптай, Сен душмандардын жаңжалын токтоттуң. Аптапты булуттун көлөкөсү баскандай, эзүүчүлөрдүн кубанычы басылат.

6Ошондо Себайот Теңир бардык элге ушул тоонун үстүндө дасторкон жайып, тамактын майлуусун, шараптын тазасын, жиликтин чучугун, шараптын эң тазасын коёт.

7Бардык элдерди жаап турган жабууну, бардык уруулардын үстүндөгү жабууну ушул тоонун үстүндө жок кылат.

8Теңир өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Кудай-Теңир бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт, бүт жер жүзүндөгү Өз элинин маскарачылыгын алып салат, анткени Теңир ушинтип айтып жатат.

9Ошол күнү: «Мына, бул – биздин Кудай! Биз Ага таянганбыз, ошондуктан Ал бизди куткарды! Бул – Теңир, биз Андан үмүт кылганбыз. Анын куткарганына кубаналы, шаттаналы!» – деп айтышат.

10Анткени Теңирдин колу ушул тоодо турат, саман кыктын үстүндө тебеленгендей, Маап өз ордунда тебеленет.

11Суучул сүзүш үчүн колун сунгандай, ал өзүнүн колдорун анын ортосуна сунса да, Кудай анын текебердигин колдорунун анткорлугу менен кошо басат.

12Сенин сепилиңдин бийик дубалдарын талкалап, жерге кулатып, топуракка айландырат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>