1Ошол күнү Жүйүт жеринде мына бул ырды ырдашат: «Биздин шаар бекем, дубал менен тосмо ордуна Теңир куткаруу берди.
2Дарбазаны ачкыла, чындыкты сактаган адил эл кирсин.
3Руху бекем адамды Сен жеткилең тынчтыкта сактайсың, анткени ал Сенден үмүттөнөт.
4Түбөлүккө Теңирден үмүттөнгүлө, анткени Кудай-Теңир – түбөлүк таяныч.
5Ал бийиктикте жашагандарды басынтты, бийиктикте турган шаарды кулатты. Аны жерге кулатып, топуракка айлантты.
6Аны бут тебелейт, аны жакырлардын буту, кедей-кембагалдардын таманы тебелейт.
7Адил адамдын жолу түз. Сен адил адамдын жолун түздөйсүң.
8Теңир, Сенин сотторуңдун жолунда биз Сенден үмүттөнгөнбүз! Биздин жаныбыз Сенин ысымыңа, Сени эскерүүгө умтулган.
9Менин жаным Сага түн ичинде умтулду, Сени рухум менен таң заардан издейм, анткени жер үстүндө Сенин сотуң жүрүп жатканда, жер жүзүндө жашагандар акыйкаттыкка үйрөнүшөт.
10Мыйзамсызга ырайым кылынса, анда ал чындыкка үйрөнбөстөн, адил адамдардын жеринде жамандык кыла берет жана Кудайдын улуулугун көрбөйт.
11Теңир! Сенин колуң бийик көтөрүлгөн, бирок алар көргөн жок. Сенин элиңди жек көргөндөр аны көрүп уялышат. Сенин душмандарыңды от жалмайт.
12Теңир! Сен бизге тынчтык тартуулап жатасың, анткени Сен биздин бардык иштерибизди да биз үчүн аткарып жатасың.
13Кудай-Теңирибиз! Сенден башка өкүмдарлар бизге үстөмдүк кылышчу, бирок биз Сенин ысымыңды Сен аркылуу гана даңктайбыз.
14Өлгөндөр тирилишпейт, өлүктөр турушпайт, анткени аларды Сен жазалап, алардын атын биротоло өчүрдүң.
15Элди көбөйттүң, Теңир, элди көбөйтүп, Өзүңдү даңктадың, даңкыңды жер жүзүнө тараттың.
16Теңир! Башына күн түшкөндө, ал Сени издеген, ага Сенин жазаң жеткенде, шыбырап жалынган.
17Кош бойлуу аял толгоо тартканда, кандай кыйналып кыйкырса, Теңир, Сенин алдыңда биз да ошондой кыйналдык.
18Кош бойлуу болгонбуз, кыйналганбыз, шамал төрөгөндөй болгонбуз, жерге куткарууну жеткирген жокпуз, дүйнөгө жердин жаңы тургундары келген жок.
19Сенин өлгөндөрүң тирилишет, өлүү денелер кайра турушат! Топуракта жаткандар, ойгонгула да кубангыла! Анткени Сенин шүүдүрүмүң – өсүмдүк шүүдүрүмү. Жер өлгөндөрдү бүркөт».
20Бар, элим, үйүңө кир, эшигиңди жап, каар өтүп кеткенче, көз ирмемге жашына тур.
21Анткени мына, Теңир Өз турагынан жердин жашоочуларын мыйзамсыздыгы үчүн жазалаганы чыгып келе жатат, ошондо жер өзү жуткан канды кайра алып чыгат, ошондон кийин өзүнүн өлтүрүлгөндөрүн жашырбайт.