1Ошол күнү Теңир өзүнүн оор, чоң, бекем кылычы менен түз чуркаган жылан лебийатанды, сойлогон жылан лебийатанды жазалайт, деңизде жашаган коркунучтуу жаныбарды өлтүрөт.
2Ошол күнү ал тууралуу – сүйүктүү жүзүмзар тууралуу ырдагыла:
3«Мен, Теңир, анын сактоочусумун, аны көз ирмем сайын сугарып турам, бирөө кирип кетпесин деп, аны күндүр-түндүр кайтарам.
4Мен каарданган жокмун. Бирок кимдир бирөө анын ичине Мага каршы отоо чөп жана тикенек коё турган болсо, Мен ага каршы согуш ачып, аны өрттөп жок кылам.
5Эгерде ал Менден жардам сурап кайрылса, Мени менен тынчтык келишимин түзгүсү келсе, анда Мени менен тынчтык келишимин түзсүн.
6Келечекте Жакып тамыр жаят, Ысрайыл бутак чыгарып гүлдөйт. Ошондо бүт жер жүзү жемишке толот».
7Теңир аны ургандарды кандай урса, аны да ошондой урду беле? Аны өлтүргөндөр кандай өлтүрүлсө, аны да ошондой өлтүрдү беле?
8Сен аны четке кагып, күнөөсүнө жараша жазаладың. Чыгыштын шамалы соккон күндөгүдөй, Сен аны Өзүңдүн күчтүү демиң менен ыргыттың.
9Ошондуктан ушул аркылуу Жакыптын мыйзамсыздыгы кечирилет. Анын күнөөдөн тазалангандыгынын жемиши болуп, курмандык чалынуучу жайдын бүт таштарын майдаланган акиташтай кылгандыгы эсептелет. Ошондон кийин Ашейра жана күндүн буркандары турбайт.
10Анткени бекемделген шаар ээн калат, турак жайларды таштап кетишет, кароосуз калтырышат, алар чөлгө окшоп ээн калат. Ал жерге музоо жайылат, ал ошол жерге жатып алып, анын бутактарын кемирет.
11Анын бутактары куурап калганда, аларды сындырып салышат. Аялдар келип, аларды өрттөп жиберишет. Бул эл акылсыз болгондуктан, Жаратканы аны аябайт, Жасаганы ага ырайым кылбайт.
12Бирок ошол күнү Теңир улуу дарыядан Мисир сууларына чейин – бардыгын титиретет. Ошондо силер, Ысрайыл уулдары, баарыңар чогултуласыңар.
13Ошол күнү мындай болот: улуу сурнай тартылат, ошондо Ашур жеринде адашып жүргөндөр жана Мисир жерине куугунтукталып кеткендер келип, Иерусалимдеги ыйык тоодо Теңирге таазим кылышат.