1Эпрайымдыктардын сыймыгы болгон таажыга, семиз өрөөндүн бийик жеринде жашаган шарапка жеңилгендердин кооз жасалгаларынын соолуган гүлүнө кайгы!
2Мына, Теңирдин күчтүүсү жана кубаттуусу мөндүрлүү нөшөрдөй, кыйратуучу бороондой, каптап кетүүчү суулардын кирип келген ташкынындай, аны күч менен жерге кулатат.
3Мас эпрайымдыктардын сыймыгы болгон таажысы тепсендиде калат.
4Семиз өрөөндүн бийик жериндеги анын кооз жасалгаларынын соолуган гүлү мөөнөтүнөн эрте бышкан анжырдай болот. Аны бирөө көрөрү менен үзүп алып, жутуп салат.
5Ошол күнү Себайот Теңир Өз элинин калдыгына даңктын таажысы жана кооз гүлчамбар болот.
6Сотто отурганга адилет руху болот, душмандын соккусун дарбазага чейин кайтарганга күч болот.
7Бирок булар да шарап ичип теңселип жатышат, күчтүү ичимдик ичип, жолдон адашып жатышат. Ыйык кызмат кылуучу да, пайгамбар да күчтүү ичимдик ичип мүдүрүлүп жатышат, шарапка алдырып, күчтүү ичимдик ичип акылдан адашышты, көргөн көрүнүштөрү жөнүндө жаңылыш айтып жатышат, сотто чалынып жатышат.
8Анткени бардык үстөлдөр жийиркеничтүү кусундуга толгон, таза жери жок.
9Бирок алар: «Ал кимге билим үйрөткүсү бар? Кимге пайгамбарчылык менен акыл-насаат айткысы бар? Эмчек сүтүнөн ажыратылган, энесинин эмчегинен чыгарылган наристелергеби?
10Анткени осуяттын үстүнө осуят, осуяттын үстүнө осуят, эреже үстүнө эреже, эреже үстүнө эреже, бул жерден бир аз, ал жерден бир аз», – деп жатышат.
11Ошон үчүн бул элге түшүнүксүз сөздөр менен жана бөтөн тилде сүйлөшөт.
12Аларга: «Мына, тынчтык, чарчаганга тынчтык бергиле, мына, тынчтануу», – деп айтышкан. Бирок алар уккусу келген жок.
13Ошентип, алар үчүн Теңирдин сөзү осуяттын үстүнө осуят, осуяттын үстүнө осуят, эреженин үстүнө эреже, эреженин үстүнө эреже, бул жерден бир аз, ал жерден бир аз болуп калды. Ошондуктан алар басып бара жатып чалкасынан кулап кыйрашат, торго түшүп кармалышат.
14Ошондуктан Иерусалимдеги акаратчылар, бул элдин башчылары, Теңирдин сөзүн уккула.
15Силер: «Биз өлүм менен келишим түздүк, өлгөндөр жаткан жай менен макулдаштык: бардыгын кыйратуучу камчы өтүп бара жатканда, бизге жетпейт, анткени биз жалганды өзүбүзгө баш паана кылып алдык, алдамчылыкка жашынып алдык», – дегениңер үчүн,
16Теңир мындай дейт: «Мына, Мен негиз кылып Сионго таш коём, ал таш – сыналган, бурчка коюлуучу, кымбат баалуу, бекем орнотулган таш: ага ишенген адам уятка калбайт.
17Сотту өлчөгүч кылып коём, адилеттикти тараза кылып коём. Жалгандын баш паанасын мөндүр талкалайт, жашынган жайын суу басып калат».
18Ошондо өлүм менен түзгөн келишимиңер бузулат, өлгөндөр жаткан жай менен түзгөн келишимиңер ишке ашпайт. Баарын кыйратуучу камчы өтүп бара жатканда, силер тебеленип каласыңар.
19Ал өткөн сайын силерге жетет, ал ар бир таңда, күн да, түн да араңардан өтөт, ал тууралуу айтылган бир эле кабар силердин үрөйүңөрдү учурат.
20Бутуңарды сунайын десеңер, төшөгүңөр өтө кыска болот, оронуп жатайын десеңер, жуурканыңар өтө кичинекей болот.
21Анткени Теңир Ператсим тоосуна чыккандай чыгып келет, Гибон өрөөнүндө каардангандай каарданат, Өзүнүн ишин, таң каларлык ишин жасайт, Өзүнүн аракетин, укмуштуу аракетин жүзөгө ашырат.
22Кишениңер катуу болуп калбаш үчүн акарат кылбагыла, анткени мен Себайот Кудай-Теңирден бүт жер жүзүн кырууну чечип койгонун уктум.
23Кулагыңарды түрүп, менин үнүмдү уккула. Кунт коюп, менин сөздөрүмө кулак салгыла.
24Жер айдоочу дайыма эле өз жерин айдап, бороз салып, мала тартабы?
25Жок. Жердин үстүн тегиздегенден кийин, ал жапайы буурчак себет же зире чачат, буудайды катар-катар кылып, арпаны белгиленген жерге айдайт, анын жанына кайрак буудай себет.
26Аны ушундай тартипке Кудай үйрөтүп жатат, ага Кудай акыл-насаат айтып жатат.
27Анткени жапайы буурчакты тиштүү моло таш менен бастырбайт, зирени дөңгөлөк менен тебелетпейт, бирок жапайы буурчакты таяк менен күбүйт, зирени да таяк менен күбүйт.
28Эгинди бастырат, бирок жанчпайт. Аны атка чегилген дөңгөлөктүү моло таш менен тебелетет, бирок аны майдалабайт.
29Бул да Себайот Теңирден: Анын чечимдери укмуш, Анын акылмандыгы зор!