Ышайа 29:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Дөөт жашаган шаар Ариелге, Ариелге кайгы! Жылга жылды кошкула, курмандыктарды мууздай беришсин.

2Бирок мен Ариелди кысымга алам, ошондо ый менен кайгы болот. Ал Менин Ариелим боюнча калат.

3Мен сенин тегерегиңе кошуундарым менен жайланышып, сени байкоочу күзөтчүлөрүм менен кысымга алам, сага каршы чептерди тургузам.

4Ошондо кемсинтилесиң, жерден сүйлөйсүң, топурактын астынан үнүң ачык угулбайт, үнүң күңкүлдөп сүйлөгөн кишинин үнүнө окшоп калат, топурактын астынан үнүң шыбырап чыгат.

5Көп душманың майда топурактай болот, катаал аскерлериң туш-тушка учкан топондой болот. Бул күтүлбөгөн жерден, бир көз ирмемде болот.

6Себайот Теңир сени чагылган менен, жер титирөө менен, катуу үн менен, бороон менен, куюн менен, баарын жалмаган оттун жалыны менен жазалайт.

7Ариелге каршы согушкан көп элдер, ага каршы чыккандар, ага каршы тургузулган чептер, аны кысымга алгандар түштөй, түн ичинде көргөн көрүнүштөй болот.

8Ачка киши түшүндө тамак жегендей болот, бирок ойгонсо, ачка. Суусаган киши түшүндө суу ичкендей болот, бирок ойгонсо, кыйналып жатат, суусап жатат. Сион тоосуна каршы согушкан сансыз эл так ошондой болот.

9Таң калгыла, айран-таң калгыла. Алар башкаларды сокур кылып, өздөрү да сокур болуп калышты. Алар мас, бирок шараптан эмес. Теңселип жатышат, бирок күчтүү ичимдиктен эмес.

10Анткени Теңир силерге уктатуучу рухту жиберип, көзүңөрдү жумдурду, ал эми пайгамбарларыңардын, жол башчыларыңардын жана көрөгөчтөрүңөрдүн көзүн жапты.

11Бардык пайгамбарчылыктар силер үчүн мөөр басылган китептеги сөздөрдөй, ал китепти окуганды билген кишиге берип: «Муну оку», – дешет, ал: «Окуй албайм, анткени ага мөөр басылган», – деп жооп берет.

12Анан ал китепти окуганды билбеген кишиге берип: «Муну оку», – дешет, ал: «Мен окуганды билбейм», – деп жооп берет.

13Ошондо Теңир мындай деди: «Бул эл Мага оозу менен жакындайт, Мени тили менен урматтайт, бирок жүрөгү Менден алыс. Үйрөнүп алган адамдык эрежелерин алар Менден коркуу деп эсептешет.

14Ошондуктан Мен бул элди кайрадан укмуштуу бир керемет менен таң калтырам, ошондо анын даанышмандарынын даанышмандыгы жоголот, акылмандары акылынан ажырайт».

15Теңирден өз оюн жашырыш үчүн, тереңдикке бекингиси келгендерге кайгы! Алар өз иштерин караңгылыкта кылып: «Бизди ким көрмөк эле? Бизди ким билмек эле?» – дешет.

16Кандай акылсыздык! Карапачыны чопо деп эсептөөгө болобу? Буюм өзүн жасаган адам жөнүндө: «Мени ал жасаган эмес», – деп айтабы? Чыгарма өзүнүн сүрөтчүсү жөнүндө: «Ал түшүнбөйт», – деп айтабы?

17Бир аздан кийин, абдан аз убакыттан кийин Лебанон бакка айланат, ал эми бак токой деп эсептелет.

18Ошол күнү дүлөйлөр китептин сөздөрүн угушат, караңгылык менен туманда сокурлардын көздөрү көрөт.

19Азап чеккендер Теңир тууралуу абдан кубанышат, жакыр адамдар Ысрайылдын Ыйыгы тууралуу сүйүнүшөт.

20Анткени мындан ары таарынтуучу болбойт, акаратчы жоголот, ошондой эле жалганды жактоочулардын бардыгы кырылышат.

21Алар адамды сөздөрүнөн кармап, дарбазанын алдында адилеттикти талап кылгандарга тор жайышат, адилеттүүнү четке кагышат.

22Ошондуктан Ыбрайымды күнөөдөн куткарып алган Теңир Жакып тууралуу мындай дейт: «Ошондо Жакып уятка калбайт, ошондон кийин анын жүзү кубарбайт.

23Анткени ал өзүнүн жеринде Менин колдорум жараткан балдарын көргөндө, Менин ысымымды ыйык тутушат, Жакыптын Ыйыгын ыйык тутушат, Ысрайыл Кудайынын алдында коркуп турушат.

24Ошондо руху менен адашкандар акылмандыкты таанып билишет, баш ийбегендер баш ийгенди үйрөнүшөт».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>