1Мисирликтердин аттарынын көптүгүнө үмүт кылып, майдан арабаларынын көптүгүнө таянып, атчандарынын күчүнө ишенип, Мисирге жардам сурап бара жаткандарга кайгы! Алар Ысрайылдын Ыйыгына үмүттөнүшкөн жок, Теңирге жардам сурап кайрылышкан жок!
2Бирок Теңир акылман, мүшкүл салат, Өзүнүн сөзүн ишке ашырбай койбойт. Мыйзамсыздардын үйүнө, мыйзамсыз иштерди кылгандардын жардамына каршы чыгат.
3Мисирликтер – Кудай эмес, адамдар. Аттары – рух эмес, эт. Теңир колун сунганда, коргоочу мүдүрүлөт, коргонуучу кулайт, баары бирге өлүшөт.
4Анткени мага Теңир мындай деп айтты: «Өзүнүн олжосунун үстүндө ырылдаган арстан, жаш арстан, өзүнө каршы көптөгөн койчулар кыйкырса да, алардын кыйкырыгынан солк этпейт, алар көп болсо да, өзүнүн олжосун бербейт. Ошол сыңары, Себайот Теңир да Сион тоосу үчүн, анын адырлары үчүн салгылашканы түшүп келет».
5Канаттуулар балапанын коргогондой, Себайот Теңир Иерусалимди коргойт. Теңир аны коргойт, куткарат, аяйт, сактап калат.
6Ысрайыл уулдары, Кимдин алдында ушунчалык көп күнөөгө батсаңар, Ошонун Өзүнө кайрылгыла!
7Ошол күнү ар бир адам өзүнүн күмүш кудайларын, алтын кудайларын ыргытат. Аларды өз колуңар менен жасап, күнөөгө баткансыңар.
8«Ашур адамдын кылычынан өлбөйт, аны адамдын кылычы кырбайт, ал кылычтан качып кутулат, анын уландары салык ордуна кетет.
9Коркконунан өз сепилинин жанынан өтө качат. Туудан анын төрөлөрүнүн үрөйү учат», – дейт оту Сиондо, очогу Иерусалимде болгон Теңир.