1Мына, Падыша акыйкаттык менен падышачылык кылат, төрөлөр мыйзам боюнча башкарышат.
2Алардын ар бири шамалдан коргоочу коргонучтай, жаан-чачындан калкалоочу калканычтай, чөлдөгү суу булагындай, какшыган жердеги бийик асканын көлөкөсүндөй болот.
3Көрүп тургандардын көздөрү жумулбайт, угуп тургандардын кулактары угат.
4Жеңил ойлуулардын жүрөгү ой жүгүртө ала тургандай болот, кекечтер таптак сүйлөшөт.
5Акылсыздарды урматтуу деп атабай калышат, кара ниет адамды чынчыл деп айтпай калышат.
6Анткени акылсыз акылсыздыкты сүйлөйт, анын жүрөгү мыйзамсыздык жөнүндө ойлойт, эки жүздүүлүк менен иш кылат, Теңирге акарат келтирет, ачканы нанынан ажыратат, суусагандын суусун тартып алат.
7Кара ниет адамдын иштери да – өлүмгө алып баруучу иштер: ал кедейдики туура болгонуна карабастан, аны жалган сөздөр менен өлтүрүүнүн жолун ойлойт.
8Ал эми чынчыл адам чындык жөнүндө ойлойт жана чындыкта бекем турат.
9Камырабаган аялдар! Тургула, менин үнүмдү уккула! Бейкам жаткан кыздар! Менин сөздөрүмө кулак түргүлө!
10«Бир жыл, бир нече күн өткөндөн кийин үрөйүңөр учат, камырабагандар, анткени жүзүм жыйноо болбойт, түшүм жыйноо мезгили келбейт.
11Титирегиле, камырабагандар! Корккула, бейкам жаткандар! Кийимиңерди чечкиле, зумбал кийгиле, белиңерди буугула!
12Сонун талаалар жөнүндө, мөмөлүү жүзүм сабагы жөнүндө кайгырып, көкүрөгүңөрдү койгулайсыңар.
13Кубанычка баткан шаардагы көңүл ачуучу бардык үйлөрдү тикенек, отоо чөп баскандай, Менин элимдин жерин да тикенек, отоо чөп басат».
14Анткени ак сарайларды таштап кетишет, шаңдуу шаар ээн калат. Чеп менен мунара түбөлүккө үңкүр ордуна кызмат кылат, жапайы эшектер менен жайылып жүргөн малга баш паана болот.
15Бизге жогорудан Рух төгүлгөнгө чейин, чөл бакка айланганга чейин, бакты токой деп эсептешкенге чейин ошондой болот.
16Ошондо бул чөлгө акыйкаттык орнойт, берекелүү, түшүмдүү жерде адилеттик өкүм сүрөт.
17Акыйкаттыктын иши тынчтык болот, адилеттиктин жемиши бейпилдик жана түбөлүк коопсуздук болот.
18Ошондо менин элим бейпил жерде, коопсуз айыл-кыштактарда, тынч турак жайларда жашайт.
19Токойго мөндүр жаайт, шаар өрөөнгө түшөт.
20Суулардын жээгине эгин эккендер, ал жерге өгүзү менен эшегин жибергендер, силер бактылуусуңар.