Ышайа 33:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Кыйратылбаган кыйратуучу, таланбаган талоончу, кайгы сага! Сен кыйратып бүткөндөн кийин, өзүң да кыйратыласың. Сен талап-тоноочулугуңду токтоткондон кийин, сени да талап-тоношот.

2Теңир! Бизге ырайым кыл, биз Сенден үмүттөнөбүз. Таң сүргөндөн тартып биздин каруу-булчуңубуз боло көр, кыйын-кыстоо күндөрдө биздин куткаруучубуз боло көр!

3Сенин коркунучтуу добушуңдан элдер качышат, Сенин улуулугуңдан уруулар чачырайт.

4Силердин олжоңорду кырк аяк жыйнагандай жыйнашат, олжоңорго чегиртке тийгендей тийишет.

5Жогоруда жашаган Теңир улуу. Ал Сионду адилеттикке жана акыйкаттыкка толтурат.

6Ошондо сенин коопсуз күндөрүң келет, куткарылуу, акылмандык жана билим мол болот. Кудайдан коркуу сенин байлыгың болот.

7Мына, алардын күчтүүлөрү көчөлөрдө кыйкырып жатышат. Тынчтыктын элчилери катуу ыйлап жатышат.

8Жолдор ээн калды. Саякаттап жүргөндөр жок. Ал келишимди бузду, шаарларды кыйратты, адамдарды барк албай калды.

9Жер кайгырып, кургап жатат. Лебанон маскара болуп, соолуп калды. Шарон чөлгө окшоп калды, Башан менен Кармел жалбырактары түшүп, жылаңач калды.

10«Азыр мен турам, – дейт Теңир, – азыр өйдө турам, азыр көтөрүлөм.

11Силердин боюңарда чөп бар, саман төрөйсүңөр. Демиңер – от, ал өзүңөрдү жалмайт.

12Элдер күйүп жаткан акиташтай болушат, кыйылган тикенектей болуп отко өрттөлүшөт.

13Алыстагылар, Менин эмне кыларымды уккула, жакындагылар, силер да Менин кудуретимди таанып билгиле».

14Сиондогу күнөөкөрлөрдүн жүрөктөрү түшүп калды. Кудайсыздарды калтырак басты: «Биздин арабыздан ким жалмаган от ичинде жашай алат? Биздин арабыздан ким түбөлүктүү жалындын ичинде жашай алат?»

15Чындыктын жолунда жүргөн, чындыкты сүйлөгөн адам жашай алат. Талап-тоноодон тапкан пайданы жек көргөн, парадан колун тарткан, кан төгүүнү уккусу келбей кулагын жапкан, кыянаттыкты көргүсү келбей көзүн жумган адам жашай алат.

16Ал бийиктиктерде жашайт. Анын баш паанасы – адам бара алгыс аска, ага нан берилет, суусу түгөнбөйт.

17Сенин көзүң Падышаны бүт сулуулугу менен көрөт, алыскы жерди көрөт.

18Жүрөгүңдө коркунучтар тууралуу эскерүүлөр гана калат: «Каттоо жүргүзүүчү кайда? Салыкты таразага тартуучу кайда? Мунараны карап чыгуучу кайда?»

19Мындан ары каардуу элди, так эмес, ачык эмес, таң каларлык, түшүнүксүз тилде сүйлөгөн элди көрбөйсүң.

20Биздин майрамдык чогулуштар өткөн Сион шаарыбызга көз чаптыр. Сенин көздөрүң бекем жыйын чатырын, бейпил турак болгон Иерусалимди көрөт. Анын мамылары эч качан жулунбайт, анын бир да арканы үзүлбөйт.

21Ал жерде биздин улуу Теңир дарыялардын ордуна, жазы каналдардын ордуна болот. Ал жерге бир да калактуу кайык кирбейт, чоң кеме өтпөйт.

22Анткени Теңир биздин сотубуз, Теңир биздин мыйзам чыгаруучубуз, Теңир биздин падышабыз: Ал бизди куткарат.

23Сенин аркандарың бошоп калды, мачталарды кармай албайт, парустарды тарта албайт. Ошондо чоң олжо бөлүнөт, аксактар да талап-тоногонго барышат.

24Ошондо тургундардын бири да: «Мен ооруп жатам», – деп айтпайт. Ал жерде жашаган элдин күнөөсү кечирилет.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>