1Элдер, жакын келгиле, уруулар, уккула, кулак салгыла! Жер жана аны толтуруп тургандын бардыгы, аалам жана анда жаралгандардын баары уксун!
2Анткени Теңирдин ачуусу бардык элдерге, Анын каары бүт жамаатка төгүлөт. Теңир аларды жок кылат, өлтүрөт.
3Ошондо алардын өлтүрүлгөндөрү чачылып ташталат, алардын өлүктөрүнөн сасык жыт чыгат, алардын канынан тоолор эрийт.
4Бардык асман кошуундары чирийт, асман түрмөк китептей түрүлөт, анын бүт кошуундары жүзүм сабагынын жалбырактары күбүлгөндөй, анжырдын куураган жалбырактары күбүлгөндөй күбүлүп түшөт.
5«Анткени Менин кылычым асманда канга тойду. Мына, ал Эдомду жана Мен каргышка калтырган элди жазалаш үчүн түшүп келе жатат».
6Теңирдин кылычы канга малынат, майга, козулар менен текелердин канына, койлордун бөйрөк майларына семирет, анткени Теңирдин курмандыгы Ботсрада, чоң мууздоо Эдом жеринде.
7Алар менен кошо топоздор, өгүздөр менен кошо букачарлар өлөт, жер алардын канына тоёт, топурак алардын майына семирет.
8Анткени бул – Теңирдин өч алуу күнү, Сион үчүн жазалай турган жыл.
9Анын дарыялары чайырга айланат, топурагы күкүрткө айланат, ошентип, анын жери күйүп турган чайыр болот:
10ал күндүз да, түн ичинде да өчпөйт. Анын түтүнү түбөлүккө көтөрүлүп турат. Ал жер укумдан-тукумга ээн калат. Ал жерден кылымдар бою эч ким өтпөйт.
11Ал жерди биргазан менен кирпи ээлейт, ал жерге үкү менен кузгун уялайт, анын үстүнөн кыйратуучу аркан жана жок кылуучу салмоор тартышат.
12Ал жерде анын атактууларынын ичинен падышачылыкка чакырганга эч ким калбайт, бүт төрөлөрү эч нерсеге арзыбай калышат.
13Анын ак сарайларын тикендүү өсүмдүктөр, сепилдерин чалкан менен уйгак басат, ал жер чөөлөргө ийин, төө куштарга түнөк болот.
14Чөл жырткычтары жапайы мышыктар менен жолугушат, текелер бири-бири менен үн алышып чакырышат. Ал жерде түнкү албарсты эс алат жана өзүнө тынчтык табат.
15Ал жерге учуучу жылан уялап, жумуртка басып, балдарын чыгарат, аларды өзүнүн көлөкөсүнүн астына чогултат. Ал жерге жорулар да чогулушат.
16Теңирдин китебинен издеп таап окугула. Алардын бири да болбой койбойт, бири экинчиси менен алмаштырылбайт, анткени Теңир Өз оозу менен буйрук кылган, аларды Анын Руху Өзү чогултат.
17Аларга Теңир Өзү өкчөмө таш ыргыткан, аларга жерди Анын колу чен аркан менен бөлүп берген. Алар ал жерди түбөлүккө ээлешет, ал жерде укумдан-тукумга жашашат.