1Чөл менен какшыган жер кайрадан кубанат, эл жашабаган өлкө кайрадан сүйүнөт, нарцисс сыяктуу гүлдөйт.
2Ал сонун болуп гүлдөп, кубанат, салтанат куруп кубанып турат. Ага Лебанондун атагы, Кармел менен Шарондун көркү берилет. Алар Теңирдин даңкын, биздин Кудайыбыздын улуулугун көрүшөт.
3Алсыраган колуңарды чыңдагыла, титиреген тизеңерди бекемдегиле.
4Коркокторго айткыла: «Бекем болгула, коркпогула. Мына, силердин Кудайыңар келет, Ал өч алыш үчүн келет, жазалоочу Кудай келип, силерди куткарат».
5Ошондо сокурлардын көздөрү ачылат, дүлөйлөрдүн кулактары ачылат.
6Ошондо аксак бугудай секирет, дудук ырдайт, анткени чөлдөн суулар, талаалардан өзөндөр атырылып чыгат.
7Кургак жер көлгө айланат, суусуз жер суу булагына айланат, чөөлөр жашаган жер камыш, жылгын өскөн жерге айланат.
8Ал жерде чоң жол болот, ал жол ыйык жол деп аталат. Ал жол менен таза эместер басышпайт, ал жол менен алар гана басышат. Ал жол менен бара жаткан адамдар, атүгүл, тажрыйбасыз адамдар да адашпайт.
9Ал жерде арстан болбойт, ал жолго жырткыч айбан чыкпайт, аны ал жерден таппайсың, ал жол менен куткарылгандар гана жүрүшөт.
10Теңир куткаргандар кайтып келишет, Сионго кубанычтуу кыйкырык менен келишет, алардын баштарын түбөлүктүү кубаныч курчайт, алар шаттык жана кубаныч табышат, кайгы менен үшкүрүк жок болот.