Ышайа 36:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Хиския падышанын падышачылыгынын он төртүнчү жылында Ашур падышасы Санхейрип Жүйүттүн чептүү шаарларынын баарына кол салып, аларды басып алды.

2Ашур падышасы Иерусалимге, Хиския падышага Лакиштен Рапшакты көп аскер менен жөнөттү. Ал жуугучтун талаасына кеткен жолдогу жогорку көлмөнүн суу түтүгүнүн жанына келип токтоду.

3Аны ак сарай башчысы Хилкиянын уулу Элийаким, катчы Шебна, тарыхчы Асап уулу Жаах тосуп чыкты.

4Аларга Рапшак мындай деди: «Хискияга айткыла: Улуу падыша, Ашур падышасы, мындай дейт: Сен деги эмнеге таянып жатасың?

5Мунун баары куру сөз деп ойлойм, согуш үчүн кеңеш жана күч керек. Сен кимге таянып жатасың? Менден эмнеге бөлүнүп чыктың?

6Сен ушул сынган таякка – Мисирге таянам деп ойлойсуң. Ага ким таянса, ал анын колуна кирип, колун тешип кетет! Мисир падышасы фараонго таянгандарга мына ушундай болот.

7Эгерде сен мага: “Биз Кудай-Теңирибизге таянабыз”, – десең, анда Кудайыңардын бийик жерлери менен курмандык чалынуучу жайларын Хиския алып таштап, Жүйүт менен Иерусалимге: “Мына ушул курмандык чалынуучу жайлардын алдында гана табынгыла”, – дебеди беле, ошол Кудайыңарга таянып жатасыңарбы?

8Ошондуктан менин мырзам Ашур падышасы менен келишим түз. Мен сага эки миң ат берем, аларга мине турган кишилерди таба аласыңбы?

9Майдан арабалары менен аттары үчүн Мисирге таянып, сен менин мырзамдын кичине кулдарынын бири болгон жол башчыны артка чегинүүгө кантип мажбур кыласың?

10Мен бул жерди кыйратканы Кудайдын эркисиз келдим беле? Теңир мага: “Ушул өлкөгө бар, аны кыйрат”, – деп айткан».

11Ошондо Элийаким, Шебна жана Жаах Рапшакка: «Кулдарыңа арамей тилинде сүйлө, анткени биз түшүнөбүз, дубалдын үстүндөгү элге угуза биз менен жүйүт тилинде сүйлөшпө», – дешти.

12Рапшак аларга: «Мырзам мени ушул сөздү айт деп, мырзаң экөөңөргө эле жиберди беле? Жок, дубалдын үстүндө отурган кишилер силер менен кошо өз заңын өздөрү жесин, өз заарасын өздөрү ичсин деп, мени ошолорго да жиберген», – деди.

13Анан Рапшак ордунан туруп, жүйүт тилинде мындай деп катуу кыйкырды: «Улуу падыша Ашур падышасынын сөзүн уккула!

14Падыша мындай дейт: Хиския силерди азгырбай эле койсун, анткени ал силерди куткара албайт.

15“Бизди Теңир куткарат, бул шаар Ашур падышасынын колуна салынып берилбейт”, – деп, Хиския силерди Теңир менен үмүттөндүрбөй эле койсун.

16Хискияны укпагыла, анткени Ашур падышасы мындай дейт: “Мени менен элдешкиле, мени тосуп чыккыла. Ар ким өз жүзүм сабагынын жемишин, өз анжырын жесин, ар ким өз кудугунан суу ичсин.

17Мен келип, силерди өзүңөрдүкүндөй болгон, эгини, шарабы мол жерге, жемишке, жүзүмзарга бай жерге алып бармайынча, ошенткиле”.

18Ошондуктан Хиския силерди: “Бизди Теңир куткарат”, – деп азгырбасын. Кайсы элдин кудайы өз жерин Ашур падышасынын колунан сактап калды эле?

19Хамат менен Арпаттын кудайлары кайда? Сепарбайымдын кудайлары кайда? Алар менин колумдан Самарияны сактап калышты беле?

20Бул жерлердин кудайларынын кайсынысы өз жерин менин колумдан сактап калды эле? Анан кантип Теңир Иерусалимди менин колумдан сактап калсын?»

21Бирок алар унчугушкан жок, ага бир сөз менен да жооп беришкен жок, анткени падышанын «Ага жооп бербегиле» деген буйругу бар эле.

22Падыша сарайынын башчысы Хилкия уулу Элийаким, катчы Шебна, тарыхчы Асап уулу Жаах Хискияга айрылган кийимдери менен келишип, Рапшактын сөздөрүн айтып беришти.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>