1Ошол күндөрү Хиския абдан катуу ооруп калды. Ошондо ага Амостун уулу Ышайа пайгамбар келип: «Теңир мындай дейт: “Өз тукумуңа мурас кагазын калтыр, анткени сен өлөсүң, айыкпайсың”», – деди.
2Хиския жүзүн дубалга буруп, Теңирге мындай деп сыйынды:
3«Оо Теңир! Сенин алдыңда туура жүргөнүмдү, Сага чын жүрөгүмдөн берилип, Сага жаккан иштерди кылганымды эстей көр». Анан Хиския катуу ыйлады.
4Ошондо Ышайага Теңирден мындай сөз айтылды:
5«Хискияга барып, мындай деп айт: Сенин атаң Дөөттүн Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сенин сыйынууңду уктум, көз жашыңды көрдүм, Мен сенин өмүрүңө дагы он беш жыл кошом.
6Сени жана бул шаарды Ашур падышасынын колунан сактайм, бул шаарды коргойм”.
7Теңир Өзү айткан сөздү аткарарын ырасташ үчүн берген жышаан бул:
8Ахаздын тепкичтери менен өтүп кеткен күндүн көлөкөсүн Мен он тепкич артка жылдырам». Ошондо күн өзү өтүп кеткен он тепкичке артка жылды.
9Жүйүт падышасы Хискиянын ооруп жаткандагы жана оорудан айыккандагы сыйынуусу:
10«”Жарым өмүрүм өткөндө өлгөндөр жаткан жайга баруум керек. Мен калган өмүрүмдөн ажырап калдым”, – дегем.
11Мен мындай деп айткан элем: “Эми мен Теңирди көрбөйм, Теңирди тирүүлөрдүн жеринен көрбөйм, мындан ары дүйнө жүзүндө жашагандарды көрбөйм.
12Менин турак жайым турган жеринен чечилип, койчунун алачыгындай болуп учуп кеткени жатат, токуучу жип кескендей, мен өз өмүрүмдү кесүүгө тийишмин. Ал мени тамырымдан кесет. Сен мага жибере турган өлүмдү күн да, түн да күттүм.
13Мен таң атканга чейин күттүм. Ал арстанга окшоп, менин сөөктөрүмдү талкалады. Сен мага жибере турган өлүмдү күн да, түн да күттүм.
14Мен каркыра менен чабалекейдей болуп үн чыгарып жаттым, көгүчкөндөй куса болуп жаттым. Көздөрүм асманды муңая карап жатты: Теңир! Мен кыйналып турам, куткар мени!
15Мен эмне деп айта алам? Ал мага айтканын аткарды. Жанымдын кыйналганына карабастан, бүт өмүрүмдү тынч өткөрөм.
16Теңир! Ушинтип жашап жатышат, ушунун бардыгында менин рухумдун жашоосу бар. Сен мени айыктырасың, мага өмүр бересиң.
17Катуу кайгы мен үчүн жакшы болду. Сен менин жанымды өлүм орунан куткарып алдың, менин күнөөлөрүмдүн бардыгын Өзүңдүн артыңа таштадың.
18Анткени Сени өлгөндөр жаткан жай даңктабайт, Сени өлүм мактабайт, Сенин чындыгыңа мүрзөгө түшкөндөр таянышпайт.
19Азыр мен даңктап жаткандай, Сени тирүү адам, тирүү адам гана даңктайт. Атасы балдарына Сенин чындыгыңды кабарлайт.
20Мени Теңир куткарат. Ошондо биз өмүрүбүз өткөнчө, күү аспаптардын коштоосунда Теңирдин үйүндө ырдайбыз”».
21Анан Ышайа: «Анжырдын кабыктарын алып келип, аларды жарага жабышсын. Ошондо ал айыгат», – деди.
22Хиския болсо: «Теңирдин үйүнө барарыма кандай жышаан болот?» – деди.