1Ошол күнү жети аял бир эркекке жабышып: «Өз наныбызды жейли, өз кийимибизди киели, болгону, сенин ысымың менен аталалы, бизден маскарачылыкты алып ташта», – дейт.
2Ошол күнү Теңирдин бутагы сулуулук жана урмат менен келет, жердин жемиши Ысрайыл элинин тирүү калган уулдары үчүн улуулук жана даңк менен келет.
3Теңир Сион кыздарынын жийиркеничтерин жууп салгандан кийин, Иерусалимдин канын анын ичинен жазалоо руху менен, оттун руху менен тазалагандан кийин,
4Сиондо калгандар жана Иерусалимде тирүү калгандар – Иерусалимде жашаш үчүн китепке жазылгандардын баары ыйык деп аталышат.
5Теңир Сион тоосунун бүт жерине, анын үстүндөгү бүт элдин үстүнө күндүз булут жана түтүн, түнкүсүн жалындап күйгөн оттун жаркырагын жаратат, анткени бул бардык даңктуу нерсенин үстүнө жабуу болот.
6Күндүз аптаптан калкалай турган чатыр болот, нөшөр менен жамгырдан корголой турган, сактай турган жай болот.