Ышайа 40:1-31 KYB2004 - Bible AI

1«Менин элимди соороткула, соороткула, – дейт силердин Кудайыңар.

2Иерусалимдин жүрөгүнө айткыла, ага анын күрөшүү мезгили аяктаганын жарыя кылгыла, анын күнөөсү кечирилгенин кабарлагыла, анткени ал Теңирдин колунан өзүнүн күнөөсү үчүн эки эсе жаза алды».

3Ээн талаада жар салган адамдын үнү: «Теңирге жол даярдагыла, талаага биздин Кудайга түз жол жасагыла.

4Ойдуңдун баары толтурулсун, тоолор менен дөңдөрдүн баары текшиленсин, ийри-буйру жерлер түздөлсүн, өңгүл-дөңгүл жолдор тегизделсин.

5Ошондо Теңирдин даңкы келет, ар бир адам Кудайдын куткаруусун көрөт, анткени муну Теңир Өз оозу менен айтты».

6Yн мындай дейт: «Кабарла!» Мен: «Эмнени кабарлайын?» – деп сурадым. Ар бир адам – чөп, анын сулуулугу талаа гүлдөрү сыяктуу.

7Чөп куурайт, гүл соолуйт, Теңирдин деми элди үйлөгөндө, ал да чөпкө окшоп соолуйт.

8Чөп куурайт, гүл соолуйт, ал эми биздин Кудайыбыздын сөзү түбөлүк турат.

9Жакшы кабар таратуучу Сион, бийик тоого чык! Жакшы кабар таратуучу Иерусалим, үнүңдү катуу чыгар! Yнүңдү чыгар, коркпо, Жүйүт шаарларына: «Силердин Кудай мына!» – деп айт.

10Мына, Кудай-Теңир күч менен, Анын каруу-булчуңу бийлик менен келе жатат. Анын белеги Өзү менен, Анын жазасы да Өзүнүн алдында.

11Ал Өзүнүн койлорун койчу сыяктуу кайтарат, козуларын колуна алып, бооруна кысып көтөрүп жүрөт, саандарын жетелеп алат.

12Ким сууну кочуштап өлчөдү? Ким асманды кадамдап ченеди? Ким жер топурагын идишке батырды? Ким тоолорду таразага тартты? Ким адырларды чөйчөккө салып, таразага тартты?

13Ким Теңирдин рухун түшүндү? Ким Ага кеңешчи болду? Ким Ага акыл үйрөттү?

14Ал ким менен кеңешет? Аны ким акылга салат? Ким Аны чындыктын жолуна салып, Ага акыл-насаат айтат? Ким Ага билим берет? Ким Ага акылмандыктын жолун көрсөтөт?

15Мына, элдер чакадан тамган тамчыдай, таразадагы чаңдын бир бүртүгүндөй болуп эсептелинет. Мына, Ал аралдарды топурактын күкүмүндөй сапырып жатат.

16Курмандык чалынуучу жайдын отуна Лебанон да аздык кылат, анын жаныбарлары бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка аздык кылат.

17Анын алдында бардык элдер эч нерсе эмес. Алар Ал үчүн санда жоктуктан да, жок нерседен да төмөн болуп эсептелишет.

18Ошондуктан силер Теңирди кимге окшоштурасыңар? Аны кайсы бейнеге салыштыра аласыңар?

19Бурканды сүрөтчү куят, зергер аны алтын менен каптайт, күмүш чынжырларды кошо жасайт.

20Ал эми мындай тартуу алып келе албаган адам бекем тура турган бурканды жасатыш үчүн, чирибес жыгачты тандап алып, мыкты сүрөтчүнү издейт.

21Чын эле, силер билбейсиңерби? Чын эле, силер уккан жок белеңер? Чын эле, силерге башынан айтылган жок беле? Чын эле, силер жердин негиздерин түшүнгөн жок белеңер?

22Ал – жер шарынын үстүндө отурган Теңир, ал эми жердин үстүндө жашагандын бардыгы Анын алдында чегиртке сыяктуу. Ал асманды жука кездемедей жазды, аны турак жай үчүн чатырдай кылып жайды.

23Төрөлөрдү жок нерсеге, башкаруучуларды санда жоктукка айландырган – Ал.

24Алар жаңы эле тигилип, жаңы эле себилгенде, алардын өзөгү жерге жаңы эле тамыр жайганда, Теңир аларды үйлөп койсо, алар кургап калат, аларды куюн самандай учуруп кетет.

25«Мени кимге окшоштуруп, кимге салыштырып жатасыңар?» – дейт Ыйык.

26Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла, аны ким жаратты? Ким Анын кошуундарын эсеби менен чыгарып турат? Ал алардын бардыгын өз аты менен атайт: Анын кудурети күчтүү болгондуктан, күч-кубаты зор болгондуктан, эч нерсе жоголуп кетпейт.

27Анан сен кантип: «Менин жолум Теңирден жашыруун, Кудай менин ишимди унутуп койгон», – деп айтып жатасың, Жакып, Ысрайыл, сен ушундай сөздү кантип айтып жатасың?

28Чын эле, сен билбейсиңби? Чын эле, сен бүт жер жүзүн жараткан түбөлүктүү Кудай-Теңир чарчабас жана алсырабас экенин уккан жок белең? Анын акылы изилденгис.

29Ал чарчаганга күч берет, алсыраганга кубат берет.

30Уландар да чарчашат, алсырашат, жаш адамдар да мүдүрүлүшөт.

31Ал эми Теңирден үмүттөнгөндөр кайрадан күчкө толушат, бүркүттөй болуп канаттарын көтөрүшөт, чуркашат, бирок чарчашпайт, жөнөшөт, бирок алсырашпайт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>