Ышайа 41:1-29 KYB2004 - Bible AI

1«Аралдар, Менин алдымда унчукпай калгыла, элдер кайра күчкө толсун, алар жакын келишип: “Сот алдында бирге турабыз”, – дешсин».

2Чыгыштан адил адамды ким тургузду? Ким аны өзүнүн артынан жүрүүгө чакырды? Ким анын колуна элдерди салып берип, падышаларды багынтты? Ал аларды анын кылычы менен топуракка айландырды, анын жаасы менен шамал учурган саманга айландырды.

3Ал аларды кубалап, эч качан буту баспаган жол менен жайбаракат бара жатат.

4Муну ким кылды? Муну ким жүзөгө ашырды? Урууларды байыртадан чакырган ким? «Мен, Теңир, биринчимин, акыркы уруулар учурунда да Мен ошол элемин».

5Аралдар көрүп, үрөйлөрү учту, бүт жер жүзү титиреп кетти. Алар жакындап келип, биригип калышты.

6Ар ким өз жакынына жардамдашып, өз бир тууганына: «Кайраттан», – дейт.

7Темир уста эритүүчүнүн көңүлүн көтөрөт, балка менен темир түздөгөн адам дөшүгө соккон адамга ширетилген жери жөнүндө «жакшы» деп айтып, бекем болуш үчүн мык менен бекитет.

8«Ал эми сен, Ысрайыл, Өзүм тандап алган кулум Жакып, Менин досум Ыбрайымдын тукуму,

9Мен сени жердин аягынан алгам, жер кыйырынан чакырып алып, сага мындай деп айткам: “Сен Менин кулумсуң, Мен сени тандап алдым, ошондуктан Мен сени четке какпайм”.

10Коркпо, анткени Мен сени мененмин, үрөйүңдү учурба, анткени Мен сенин Кудайыңмын. Мен сени бекемдейм, сага жардам берем. Мен сени Өзүмдүн адилеттигимдин оң колу менен колдойм.

11Мына, сага каардангандардын баары уятка калып, маскара болушат, сени менен тирешкендердин баары эч нерсеге турбай калат, жок болот.

12Өзүңө каршы чыккандарды издейсиң, бирок таппайсың. Сени менен каршылашкандар эч нерсеге турбай калат.

13Анткени Мен сенин Кудай-Теңириңмин. Сени оң колуңдан кармап, сага мындай дейм: “Коркпогун, Мен сага жардам берип жатам”.

14Коркпогун, курт Жакып, эли аз Ысрайыл, Мен сага жардам берип жатам, – дейт Теңир, сенин Куткаруучуң, Ысрайылдын Ыйыгы.

15Мына, Мен сени курч, жаңы, тиштүү моло таш кылдым, сен тоолорду малалап майдалайсың, дөңдөрдү топонго айландырасың.

16Сен аларды сапырасың, аларды шамал айдап, таратып жиберет, куюн учуруп кетет. Сен болсо Теңир тууралуу кубанасың, Ысрайылдын Ыйыгы менен мактанасың.

17Жакырлар менен кедей-кембагалдар суу издеп жүрүшөт, бирок суу жок, алардын тилдери суусагандан кургап жатат. Мен, Теңир, аларды угам, Мен, Ысрайылдын Кудайы, аларды таштабайм.

18Тоолордон дарыя, өрөөндөрдөн булак чыгарам, чөлдү көлгө айландырам, какшыган жерди суу булагына айландырам.

19Чөлгө кедр, акация, мирта, зайтун дарактарын отургузам, талаага кипарис, клён, бук дарактарын тигем.

20Ошондо алар буларды Теңирдин колу жасаганын, Ысрайылдын Ыйыгы жаратканын көрүшөт, таанып билишет, байкашат, түшүнүшөт».

21«Ишиңерди көрсөткүлө, – дейт Теңир. Өзүңөрдүн далилиңерди келтиргиле, – дейт Жакыптын Падышасы.

22Алар бизге эмне болорун көрсөтүшсүн жана айтышсын, бир нерсе болордон мурда алдын ала кабарлашсын, ошондо биз акылыбыз менен түшүнүп, анын аягы эмне менен бүткөнүн билебиз, же болбосо бизге келечек жөнүндө алдын ала айтышсын.

23Келечекте эмне болорун айткыла, ошондо биз силердин кудай экениңерди билебиз, же болбосо жакшы же жаман бир нерсе жасагыла, биз таң калып, силер менен бирге көрөлү.

24Бирок силер санда жок нерсесиңер, ишиңер да эч нерсеге жарабайт, силерди тандап алган адам жийиркеничтүү.

25Мен аны түндүктөн тургуздум, ал келет. Күн чыгыштан Менин ысымымды чакырат, өкүмдарларды ылайдай тепсейт, карапачы чопо тебелегендей тебелейт.

26Биз билишибиз үчүн, бул жөнүндө бизге башынан ким кабарлады эле? Биз “Ушул чынбы?” деп айтыш үчүн, бизге ким алдын ала айтып койду эле? Эч ким айткан жок, эч ким кабарлаган жок, эч ким силердин сөзүңөрдү уккан жок.

27Мен Сионго: “Ал мына!” – деп, биринчи айттым, Иерусалимге жакшы кабарчыны бердим.

28Ошондуктан Мен карап турдум, бирок эч ким көрүнгөн жок. Мен алардан сураганда, алардын арасынан Мага жооп берер кеңешчи табылган жок.

29Алардын бардыгы – санда жок нерсе, алардын иштери да болбогон нерсе. Алардын буркандары – жел жана боштук.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>