Ышайа 43:1-28 KYB2004 - Bible AI

1Жакып, сени жараткан, Ысрайыл, сени жасаган Теңир азыр мындай дейт: «Коркпогун, анткени Мен сени куткарып алдым, Мен сени өз атыңдан чакырдым, сен Меникисиң.

2Сен суулардан өтүп бара жатканда, Мен сени мененмин, сен дарыялардан өтүп бара жатканда, алар сени чөктүрбөйт. Оттон өтүп бара жатканда, күйбөйсүң, жалын да сени куйкалабайт.

3Анткени Мен Теңирмин, сенин Кудайыңмын, Ысрайылдын Ыйыгымын, сенин Куткаруучуңмун, сенин кунуңа Мисирди, Эфиопияны бердим, Шебаны да сен үчүн бердим.

4Сен Менин көз алдымда кымбат, баа жеткис болгондуктан, Мен сени сүйгөндүктөн, сен үчүн адамдарды бердим, сенин жаның үчүн элдерди берем.

5Коркпо, анткени Мен сени мененмин, сенин тукумуңду чыгыштан алып келем, сени батыштан чогултам.

6Түндүккө: “Бергин”, – деп айтам, түштүккө: “Кармаба”, – деп айтам. “Алыстан Менин уулдарымды, жер кыйырынан Менин кыздарымды алып кел.

7Менин ысымым менен аталган, Өзүмдүн даңкым үчүн жараткан, түзгөн жана орноткон ар бир адамды алып кел”, – деп айтам.

8Көзү бар болсо да сокур элди, кулагы бар болсо да дүлөй элди алып чык».

9Бардык элдер чогулушсун, бардык уруулар биригишсин. Алардын арасынан ким муну алдын ала айтты? Башында эмне болгонун алдын ала айтып көрүшсүн, өздөрүнүн күбөлөрүн көрсөтүп, актанып көрүшсүн. Аларды уккандар: «Туура!» – деп айткыдай болушсун.

10«Менин күбөлөрүм болсо – силер жана Өзүм тандап алган кулум, – дейт Теңир. Мен аны бул Мен экенимди билишиңер үчүн, Мага ишенишиңер үчүн, түшүнүшүңөр үчүн тандап алгам. Менден мурун Кудай болгон эмес, Менден кийин да болбойт.

11Мен, Мен Теңирмин, Менден башка Куткаруучу жок.

12Мен алдын ала айттым, куткардым жана кабарладым. Силердин Менден башка кудайыңар жок. Менин Кудай экениме силер күбөсүңөр, – дейт Теңир.

13Башынан бери эле Мен Ошолмун. Менин колумдан эч ким куткарып ала албайт. Мен кылам, аны ким өзгөртө алат?

14Теңир, Кун Төлөгөн Куткаруучуңар, Ысрайылдын Ыйыгы мындай дейт: Силер үчүн Мен Бабылга аскерлерди жибердим, бардык кулпуларды жана кемелери менен мактанган каздимдерди талкаладым.

15Мен Теңирмин, силердин Ыйыгыңармын, Ысрайылдын Жаратуучусумун, силердин Падышаңармын».

16Деңиздин ортосунан жол ачкан, чоң сууларга жол салган,

17майдан арабаларды жана аттарды, аскерлерди жана күчтү алып чыккан Теңир ушундай дейт. Алар көз ачып жумганча жыгылышты, турушкан жок, өчүштү, билик сыяктуу өчүп калышты.

18Бирок силер мурункуну эстебей жатасыңар, байыркылар жөнүндө ойлобой жатасыңар.

19«Мына, Мен жаңы нерсе жасап жатам. Ал азыр болот, чын эле, силер ушуну да билгиңер келбейби? Мен ээн талаага жол салам, чөлгө дарыя өткөрөм.

20Талаа жырткычтары Мени даңкташат, чөөлөр менен төө куштар Мени даңкташат, анткени Өзүм тандап алган элимди сугарыш үчүн, Мен чөлдөрдө суу берем, какшыган талааларда дарыя берем.

21Бул элди Мен Өзүм үчүн түздүм. Ал Менин даңкымды жарыя кылат.

22Сен болсо, Жакып, Мени чакырган жоксуң, сен Ысрайыл, Мен үчүн кызмат кылган жоксуң.

23Сен Мага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка козуларды чалган жоксуң, курмандыктарың менен Мени урматтаган жоксуң. Мен сени Мага нан тартуулап кызмат кыл деп мажбурлаган жокмун, жыпар жыттуу зат түтөтүп тур деп кыйнаган жокмун.

24Сен күмүш төлөп Мага жыпар жыттуу камыш сатып берген жоксуң, курмандыктардын майы менен Мени тойгузган жоксуң. Бирок сен Мени өзүңдүн күнөөлөрүң менен кыйнадың, өзүңдүн мыйзамсыз иштериң менен Мага оор жүк болдуң.

25Мен, Мен Өзүм сенин кылмыштарыңды Өзүм үчүн өчүрөм, сенин күнөөлөрүңдү эстебейм.

26Менин эсиме сал, соттошобуз, актаныш үчүн сен сүйлө.

27Сенин ата-бабаң күнөөгө баткан, сенин арачыларың да Менден четтеп кетишкен.

28Ошон үчүн Мен ыйык жайдын башчыларын ыйык кызматтан ажыраттым. Жакыпты жок кылам, Ысрайылды шылдыңга калтырам.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>