1Азыр болсо, Жакып, Менин кулум, Мен тандап алган Ысрайыл, ук.
2Сени жараткан, сени жасаган, сага энеңдин курсагында жаткандан бери жардам берип келе жаткан Теңир мындай дейт: Коркпо, Менин кулум Жакып, Мен тандап алган Сүйүктүүм.
3Анткени Мен суусаган жерге суу, какшыган жерге агын сууларды төгөм. Сенин тукумуңа рухумду төгөм, сенин укум-тукумуңа батамды берем.
4Ошондо алар чөптөрдүн арасында, суулардын жээгинде өскөн талдарга окшоп өсүшөт.
5Бири: “Мен Теңирдикимин”, – дейт, экинчиси Жакыптын аты менен аталат, дагы бирөө өз колу менен: “Мен Теңирдикимин”, – деп жазат, Ысрайылдын аты менен аталат».
6Теңир, Ысрайылдын Падышасы, анын Кун Төлөп Куткаруучусу, Себайот Теңир мындай дейт: «Биринчи да Менмин, акыркы да Менмин, Менден башка Кудай жок.
7Анткени Мендей ким бар? Ал Мага Мен байыркы элди жараткандан бери эмне болсо, ошонун бардыгын ирети менен көрсөтүп, айтып берсин, кабар кылсын, же болбосо боло турганды жана келечекти алдын ала жарыя кылсын.
8Коркпогула, үрөйүңөрдү учурбагыла. Мен сага мурун эле кабарлап, мурун эле алдын ала айткан жок белем? Силер Менин күбөлөрүмсүңөр. Менден башка Кудай барбы? Башка аска жок, башка эч бир аска жок».
9Буркан жасагандардын баары – болбогон нерсе, алардын суктанарлык буркандары эч кандай пайда алып келбейт, ошондой экенине өздөрүнө өздөрү күбө. Алар эч нерсени көрүшпөйт, эч нерсени түшүнүшпөйт, ошондуктан маскара болушат.
10Эч кандай пайда алып келбеген кудайды ким жасады, бурканды ким куйду?
11Буга катышкандардын бардыгы уятка калышат. Анткени сүрөтчүлөрдүн өздөрү деле – адамдар. Алардын баары чогулуп келип, турушсун, алардын үрөйү учат, баары уят болушат.
12Темир уста темирден балта жасап алып, отто иштейт, аны барскан менен иштеп чыгат. Анын үстүндө күчтүү колдору менен иштейт, ачка болуп күчү кеткенче иштейт. Суу ичпейт, алсырайт.
13Жыгач уста жыгач тандап алып, ага жип тартып өлчөп, учтуу курал менен сүрөтүн түшүрүп, анан аны кескич менен жонуп, жумуру кылат, үйгө коюш үчүн, андан сулуу адамдын бейнесин жасайт.
14Ал өзүнө кедрлерди кыйып алат, карагай жана эмен жыгачын алат, аларды токойдогу дарактардын арасынан тандап алат, ясень дарагын тигет, ал эми жамгыр аны өстүрөт.
15Анан ал адамга отун болот, ал анын бир бөлүгүн алып жылынат, от жагат, нан бышырат. Анан ошол эле жыгачтан кудай жасап, ага табынат, буркан жасап, ага таазим кылат.
16Жыгачтын бир бөлүгүн отко жагат, экинчи бөлүгү менен эт бышырат, куурдак кууруп, тойгончо жейт. Ошондой эле жылынып: «Кандай жакшы, мен жылыдым, оттун табын сездим», – дейт.
17Ал эми ошол эле жыгачтын калган бөлүгүнөн өзүнө кудай кылып буркан жасап, ага табынып, анын алдына жыгылып, ага: «Мени куткар, анткени сен менин кудайымсың», – деп сыйынат.
18Алар билишпейт, түшүнүшпөйт, анткени алардын көзү көрбөш үчүн, жүрөгү түшүнбөш үчүн жабылып калган.
19Ал өз жүрөгүндө ойлонбойт, «Мен жыгачтын жарымын отко жактым, чогуна нан бышырдым, эт кууруп жедим. Ал эми калганынан жийиркеничтүү нерсе жасамак белем? Бир кертим жыгачка табынмак белем?» деп айтканга анын түшүнүгү да, акылы да жетпейт.
20Ал чаңды кубалап жүрөт, алданган жүрөгү аны адаштырды, ошондуктан ал өз жанын куткара албайт. «Оң колумдагы жалган эмеспи?» деп айта албайт.
21«Муну эсиңден чыгарба, Жакып, Ысрайыл, анткени сен Менин кулумсуң, сени Мен жараттым. Сен Менин кулумсуң, Ысрайыл, Мени унутпа.
22Сенин мыйзамсыздыктарыңды тумандай, күнөөлөрүңдү булуттай таратам. Мага кайрыл, анткени Мен сени кун төлөп куткарып алдым».
23Шаңдан, асман! Анткени муну Теңир кылды. Кыйкыргыла, жер тереңдиктери! Тоолор, токойлор жана анын ичиндеги бак-дарактардын баары, кубанычтан шуулдагыла, анткени Теңир Жакыпты кун төлөп куткарып алды, Теңир Ысрайыл аркылуу даңкталат.
24Сени кун төлөп куткарып алган, сени энеңдин курсагында жараткан Теңир мындай дейт: «Мен бардыгын жараткан Теңирмин, асманды бир Өзүм жайдым, Өз күчүм менен жерди төшөдүм.
25Жалган пайгамбарлардын жышаандарын жаратпай, сыйкырчылардын акылсыздыгын ашкере кылган, акылмандарды артка кубалаган, алардын билимин акылсыздыкка айландырган,
26Өз кулунун сөзүн ишке ашырган, Өзүнүн элчилеринин сөздөрүн аткарган, Иерусалимге: “Сага кайра көчүп келишет”, – деген, Жүйүттүн шаарларына: “Сен кайра куруласың, сенин урандыларыңды Мен калыбына келтирем”, – деген,
27туңгуюкка: “Соолу! Мен сенин дарыяларыңды соолутам”, – деген,
28Кореш жөнүндө: “Менин койчум, ал Менин бүт эркимди аткарат”, – деген, Иерусалимге: “Сен кайрадан куруласың!” – деген, ийбадатканага: “Сен кайрадан негизделесиң”, – деген Теңир Менмин».