Ышайа 45:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Өзүнүн майланган Корешине мындай дейт: «Элдерди сага багынтып бериш үчүн, Мен сени оң колуңдан кармап турам, сен үчүн эшиктер ачылып, дарбазалар жабылбаш үчүн, падышалардын белинен курларын чечип алам.

2Мен сенин алдыңда барам, тоолорду тегиздейм, жез эшиктерди кыйратам, темир кулпуларды талкалайм.

3Сен Менин Теңир экенимди, сени атыңдан чакырган Ысрайылдын Кудайы экенимди билишиң үчүн, Мен сага караңгы жерге сакталган казыналарды жана катылган байлыктарды берем.

4Сен Мени билбесең да, Өзүмдүн кулум Жакып үчүн, Өзүм тандап алган Ысрайылым үчүн, сени атыңдан чакырдым, сага ысым бердим.

5Мен Теңирмин, Менден башка Теңир жок, Менден башка Кудай жок. Сен Мени билбесең да, Мен сенин белиңди курчадым.

6Күн чыгыштан батышка чейинки элдер Менден башка Кудай жок экенин билиши үчүн ошенттим. Мен Теңирмин, Менден башка Теңир жок.

7Мен жарыкты жасайм, караңгыны жаратам, тынчтык берем, мүшкүл түшүрөм. Мен, Теңир, ушунун баарын жасап жатам.

8Асман, жогорудан себеле, булуттар акыйкаттык төксүн. Жер ачылып, куткаруу алып келсин, аны менен бирге акыйкат өнүп чыксын. Муну Мен, Теңир, жаратып жатам».

9Оо Өзүнүн Жаратуучусу менен тирешкен сыныктын сыныгы! Карапачыга чопо: «Сен эмне кылып жатасың?» – деп айтмак беле? Сенин колуң менен жасалган нерсе сен жөнүндө: «Анын колу жок», – деп айтмак беле?

10Атасына: «Сен мени эмне үчүн жарыкка чыгардың?» – деп айткан адамга, ал эми энесине: «Сен мени эмне үчүн төрөдүң?» – деп айткан адамга кайгы!

11Ысрайылдын Ыйыгы жана Жаратуучусу, Теңир, мындай дейт: «Силер Менин уулдарымдын келечеги жөнүндө сурап жатасыңар. Мага Өзүмдүн колдорум жараткан иштерди үйрөткүңөр барбы?

12Мен жерди жараттым жана анын үстүнө адамды жараттым. Мен, Менин колдорум асманды жайды, анын бүт кошуундарына мыйзам берген Менмин.

13Мен аны чындык менен тургуздум, анын бардык жолдорун тегиздейм. Ал Менин шаарымды курат, Менин туткундарымды бошотот, алар үчүн кун да, белек да албайт», – дейт Себайот Теңир.

14Теңир мындай дейт: «Мисирликтердин эмгектери, эфиопиялыктардын соодасы жана бойлуу шебалыктар сен тарапка өтөт, алар сеники болот. Алар сенин артыңдан ээрчишет, кишендери менен келип, сенин алдыңа жыгылышат. Сага: “Сенин гана Кудайың бар, андан башка Кудай жок”, – деп жалынышат».

15Чындыгында эле, Сен Өзүн жашырган Кудайсың, Ысрайылдын Кудайысың, Куткаруучусусуң!

16Алардын баары уятка калып, маскара болушат, алар менен бирге буркан жасагандардын баары уят болушат.

17Ысрайыл болсо Теңир аркылуу түбөлүк куткарылуу менен куткарылат. Силер кылымдан кылымга уятка калбайсыңар, маскара болбойсуңар.

18Анткени асманды жараткан, жерди жараткан, аны жасаган, аны орноткон, аны бекер эмес, жашоо үчүн жараткан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен Теңирмин, Менден башка Теңир жок.

19Мен жашыруун айткан жокмун, Мен жердин караңгы жеринде сүйлөгөн жокмун. “Мени бекер эле издеп жүрөсүңөр”, – деп, Жакыптын тукумуна айткан эмесмин. Мен чындыкты айткан, акыйкаттыкты ачкан Теңирмин.

20Элдердин ичинен аман калгандардын баары, чогулуп келгиле, жакын келгиле. Өзүнүн жыгач бурканын көтөрүп алып, куткарбай турган кудайына сыйынып жүргөндөр – акылсыздар.

21Өз ара кеңешип жарыя кылгыла, айткыла. Муну байыркы замандан бери ким кабарлады? Муну ким алдын ала айтты? Теңириңер, Мен, айткан жок белем? Менден башка Кудай жок. Менден башка адилеттүү, куткара турган Кудай жок.

22Бүт жер жүзү, Мага кайрылгыла, ошондо куткарыласыңар, анткени Мен Кудаймын, Менден башка Кудай жок!

23Өзүм менен ант берем: Менин оозумдан чындык чыгат, Менин алдымда ар бир уруу баш иет, ар бир тил Мени менен ант берет деген өзгөрүлбөс сөз чыгат.

24Мен тууралуу: “Чындык менен күч бир гана Теңирде”, – деп айтышат». Теңирге каршы чыккандардын бардыгы Анын алдына келип уят болушат.

25Ысрайылдын бардык тукуму Теңир аркылуу акталат жана даңазаланат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>