1Бел кулады, Небо төмөндөн ылдый кулады, алардын жасалма кудайлары малдын үстүндө жана жүк жүктөлүүчү малдын үстүндө. Силердин жүгүңөр чарчаган мал үчүн оордук болду.
2Алар кулашты, бирге жыгылышты. Алар көтөрүп жүргөндөрдү коргоп кала алышпады, өздөрү да туткундалып кетишти.
3«Эненин курсагында жатканда эле Өзүм кабыл алган, эненин курсагында жатканда эле Өзүм көтөрүп жүргөн Жакып тукуму жана Ысрайыл тукумунун бүт калдыгы, Мага кулак салгыла:
4Силер карыганга чейин, Мен ошол эле Теңирмин, чачыңар агарганга чейин, силерди Мен көтөрүп жүрөм. Мен жараттым, ошондуктан силерди көтөрүп, колдоп, сактап жүрөм.
5Мени кимге теңеп жатасыңар? Мени кимге салыштырып жатасыңар? Мени кимге окшоштуруп жатасыңар?
6Намыяндан алтындарды төгүп жатышат, таразага күмүштөрдү тартып жатышат, зергер жалдап жатышат, ал андан кудай жасап жатат. Ага табынып, анын алдына жыгылып жатышат.
7Аны ийинге салышат, аны көтөрүшөт, аны өз ордуна коюшат, ал турат, ал өз ордунан жылбайт. Ага кыйкырышат, бирок ал жооп бербейт, кыйынчылыктан куткарбайт.
8Ушуну эстегиле, өзүңөрдү эр жүрөк кылып көрсөткүлө. Кудайдан баш тарткандар, муну жүрөгүңөргө кабыл алгыла.
9Мурун болуп өткөндөрдү, атам замандан бери болгондорду эстегиле, анткени Мен Кудаймын, Менден башка Кудай жок, Мага окшош эч ким жок.
10Аягында эмне болорун Мен башынан алдын ала кабарлап келе жатам, али боло элек нерселерди Мен байыркы замандан бери айтып келе жатам: “Менин максатым ишке ашат, Мен эмнени кааласам, ошону жасайм”.
11Мен чыгыштан бүркүттү, алыскы өлкөдөн Менин чечимдеримди аткара турганды чакырдым. Мен эмнени айтсам, ошону орундатам. Эмнени алдын ала белгилесем, ошону жасайм.
12Жүрөгү катаалдар, акыйкаттан алыс жүргөндөр, Мени уккула!
13Мен Өзүмдүн адилеттигимди жакындаттым, ал алыс эмес, Менин куткаруум кечикпейт. Мен Өзүмдүн даңкым Ысрайылга, Сионго куткаруу берем».