Ышайа 48:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Жакыптын тукуму, Ысрайылдын ысымы менен аталгандар жана Жүйүт булагынан чыккандар, Теңирдин аты менен ант бергендер, чындык менен болбосо да, акыйкаттык менен болбосо да, Ысрайылдын Кудайын Кудай деп тааныгандар, муну уккула!

2Анткени алар өздөрүн ыйык шаардан чыккан адамдарбыз деп аташат, Ысрайылдын Кудайына таянышат. Анын аты – Себайот Теңир.

3«Мурункуну Мен көп убакыт мурун кабарлап турчумун. Алар Менин оозумдан чыкчу. Мен аны жарыя кылчумун, аны күтүлбөгөн жерден ишке ашырчумун, бардыгы ордунан чыкчу.

4Мен сенин өжөр экениңди, мойнуңдагы тарамыштарың темир экенин, чекең жез экенин билчүмүн.

5Ошондуктан көп убакыт мурун, бул иш жүзүнө ашканга чейин, Мен сага кабарлагам, “Муну менин жасалма кудайым кылды, муну менин бурканым менен куюлган кудайым буйруду” деп айтпашың үчүн, Мен сага алдын ала эле кабарлагам.

6Сен уктуң, ушунун баарын карап чык. Чын эле, силер муну мойнуңарга албайсыңарбы? Азыр болсо Мен сага жаңы жана жашыруун нерсени кабарлап жатам, сен муну билчү эмессиң.

7Бул көп убакыт мурун эмес, бир күн мурун эмес, азыр болду. “Мына! Мен муну билгем!” деп айтпашың үчүн, сен бул жөнүндө уккан эмессиң.

8Сен бул тууралуу уккан да эмессиң, билген да эмессиң, кулагың мурун ачык эмес болчу, анткени Мен сенин жүзү каралык кыларыңды билгем. Сен энеңдин курсагында жатканда эле Кудайдан баш тарткан адам деп аталгансың.

9Өзүмдүн ысымым үчүн Мен каарымды кийинкиге калтыргам, Өзүмдүн даңкым үчүн Өзүмдү Өзүм токтотуп, сени кырып салган жокмун.

10Мына, Мен сени эриттим, бирок күмүштү эриткендей эмес, сени кыйынчылыктардын отуна салып сынадым.

11Мен муну Өзүм үчүн, Өзүм үчүн кылып жатам, анткени Менин ысымым кантип булгансын? Мен Өз даңкымды башкага бербейм.

12Жакып, Мен чакырып алган Ысрайыл, Мага кулак сал: Мен ошол эле Теңирмин, биринчи да Менмин, акыркы да Менмин.

13Жерди Менин колум негиздеген, асманды Менин оң колум жайган. Аларды чакырсам, бардыгы биригип, Менин алдыма келишет».

14Баарыңар чогулуп, уккула: алардын арасынан ким муну алдын ала айтты? Теңир аны жакшы көрөт, ошондуктан ал Теңирдин эркин Бабылда аткарат, Анын каруу-булчуңун каздимдерге көрсөтөт.

15«Мен, Мен айттым, аны чакырдым. Аны Мен алып келдим, ошондуктан анын жолу ийгиликтүү болот.

16Мага келгиле да, муну уккула! Мен башынан эле жашыруун сүйлөчү эмесмин, бул болуп жаткан мезгилден бери эле Мен ошол жерде болчумун». Азыр да Мени Кудай-Теңир жана Анын Руху жиберди.

17Теңир, сенин Куткаруучуң, Ысрайылдын Ыйыгы мындай дейт: «Сени пайдалуу нерсеге үйрөткөн, сени жүрүшүң керек болгон жол менен алып жүргөн Кудай-Теңириң Менмин.

18Оо, сен Менин осуяттарымды уксаң кана! Анда сенин тынчтыгың дарыядай болмок, сенин чындыгың деңиз толкунундай болмок!

19Сенин тукумуң кумдай болмок, сенден чыккандар кум бүртүктөрүндөй болмок. Менин алдымда анын аты өчмөк эмес, жок болмок эмес».

20Бабылдан чыккыла, каздимдерден качкыла. Муну кубанычтуу үн менен кабарлагыла, жарыялагыла, бул кабарды жердин кыйырына чейин тараткыла: «Теңир Өз кулу Жакыпты куткарып алды!» – деп айткыла.

21Теңир аларды чөл аркылуу алып бара жатканда, алар суусашпайт. Теңир аларга таштан суу чыгарып берет, асканы жарат, ошондо суулар төгүлөт.

22«Мыйзамсыздарга болсо тынчтык жок», – дейт Теңир.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>