Ышайа 49:1-26 KYB2004 - Bible AI

1Мага кулак салгыла, аралдар, Мени уккула, алыскы элдер! Теңир Мени энемдин курсагында жатканда эле чакырып алды, энемдин курсагында жатканда, Ал Мени атымдан чакырды.

2Менин оозумду курч кылыч кылды, Мени Өз колунун көлөкөсү менен калкалады, Мени курчутулган жебе кылды, Мени Өзүнүн саадагында сактап жүрдү.

3Мага: «Сен Менин кулумсуң, Ысрайыл, Мен сен аркылуу даңкталам», – деди.

4Мен болсо: «Мен курулай эмгектендим, күчүмдү бекер, курулай кетирдим. Бирок менин укугум Теңиримде, менин сыйлыгым Кудайымда», – деп айттым.

5Жакыпты Өзүнө буруш үчүн, Ысрайылды Өзүнө чогултуш үчүн, Мени энемдин курсагында жатканда эле Өзүнө кул кылып жараткан Теңир азыр мындай дейт: Теңир Мени даңктады, Менин күчүм – Кудайым.

6Ошондо Ал: «Жакыптын урууларын калыбына келтириш үчүн, Ысрайылдын калдыктарын кайрып келиш үчүн, Сенин Мага кул болгонуң аздык кылат. Менин куткаруум жер кыйырына жетиш үчүн, Мен Сени элдер үчүн жарык кылам», – деп айтты.

7Теңир, Ысрайылдын Куткаруучусу, Ыйыгы бардыгы жек көргөн, элдер акарат айткан өкүмдарлардын кулуна мындай дейт: «Падышалар көрүп, орундарынан турушат, төрөлөр ишенимдүү Теңир үчүн, Сени тандап алган Ысрайылдын Ыйыгы үчүн табынышат».

8Теңир мындай дейт: «Жакшы убакта Мен Сени уктум, куткаруу күнү Сага жардам бердим. Жерди калыбына келтириш үчүн, кыйраган мурасты мураскерлерине кайрып бериш үчүн,

9туткундарга: “Чыккыла”, – деп, караңгыда жаткандарга: “Көрүнгүлө”, – деп айтыш үчүн, Мен Сени сактайм, Мен Сени элдин келишими кылам. Алар жолдордун боюна мал жайышат, бардык дөңдөрдө алардын жайыттары болот.

10Алар ачка болушпайт, суусашпайт, аларга аптап да, күн да зыян келтирбейт, анткени аларды Ырайым Кылуучу алып жүрөт, аларды суу башаттарына алып барат.

11Өзүмдүн бардык тоолорумду жол кылам, Менин жолдорумдун баары көтөрүлөт.

12Бири алыстан, бири түндүктөн, деңиз тараптан келет, ал эми башкалары Синим жеринен келишет».

13Асман, кубан, жер, шаттан, тоолор, кубанычтан кыйкыргыла, анткени Теңир Өз элин сооротту, Өзүнүн кыйналгандарына ырайым кылды!

14Сион болсо: «Теңир мени таштап койду, Кудайым мени унутту!» – деп айткан эле.

15«Аял эмчектеги баласын унутмак беле? Өзүнүн курсагынан чыккан уулун аябай коймок беле? Эгерде ал унутса да, Мен сени унутпайм.

16Анткени Мен сени Өзүмдүн алакандарыма жазып койдум. Сенин дубалдарың дайыма Менин көз алдымда.

17Уулдарың сага шашып келишет, ал эми чапкынчылар менен талоончулар сенден кетишет.

18Башыңды көтөрүп, тегерегиңди кара: бардыгы чогулуп, сага келе жатышат. Мен тирүүмүн! – дейт Теңир. – Сен аларды жасалга катарында киесиң, алар менен колуктудай жасанасың.

19Анткени сенин урандыларың да, чөлдөрүң да, бүлүнгөн жериң да тургундар үчүн өтө тардык кылат, сени жуткандар сенден кетишет.

20Мурунку жоготкон балдарыңдан кийинки балдарың сенин кулагыңа угуза: “Бул жер мага тар болуп жатат, мага жашаганга жер бер”, – дешет.

21Ошондо сен жүрөгүңдө: “Буларды мага ким төрөп берди? Мен баласыз жана тукумсуз эмес белем? Туткунга түшүп, алыска кетпедим беле? Буларды ким чоңойтту? Мен жалгыз калбадым беле. Ошондо булар кайда эле?” – дейсиң».

22Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен колумду элдерге көтөрөм, туумду уруулардын алдында көтөрөм. Сенин уулдарыңды колдоруна салып, кыздарыңды ийиндерине салып көтөрүп келишет.

23Падышалар сени багышат, ханышалар эмчек энелериң болот. Сага жерге жете таазим кылышат, бутуңдагы чаңды жалашат, сен ошондо Менин Теңир экенимди, Менден үмүттөнгөндөр эч качан уятка калбасын билесиң».

24Күчтүүнүн олжосун тартып алуу мүмкүнбү, жеңүүчүнүн туткундап алгандарын тартып алуу мүмкүнбү?

25«Ооба! – дейт Теңир. – Күчтүүлөрдүн туткундап алгандары тартылып алынат, эзүүчүнүн олжосу куткарылат, анткени сенин душмандарың менен Мен кармашам, сенин уулдарыңды Мен куткарам.

26Сени кысымга алгандардын өз этин өзүнө жедирем, алар өз канын ичип, жаңы шарап ичкендей мас болушат. Ошондо ар бир адам Мен сенин Теңириң экенимди, сенин Куткаруучуң жана Сактап Калуучуң экенимди, Жакыптын Күчтүүсү экенимди билет».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>