Ышайа 5:1-30 KYB2004 - Bible AI

1Өзүмдүн Сүйүктүүмө Сүйүктүүмдүн жүзүмзары жөнүндөгү ырын ырдап берейин. Менин Сүйүктүүмдүн жемиштүү дөңсөөнүн башында жүзүмзары бар эле.

2Ал аны тосмо менен курчады, аны таштарынан тазалады, ага тандалган жүзүм сабактарын отургузду, ортосуна мунара тургузду, анын ичине жүзүм сыгылуучу жай казды, анан жакшы жүзүм берет деп күттү, бирок ал жапайы мөмө берди.

3«Эми, Иерусалимдин тургундары, Жүйүттүн эркектери, жүзүмзарым экөөбүзгө калыс болгула.

4Жүзүмзарым үчүн дагы эмне кылышым керек эле, мен ага эмнени кылбай койдум? Мен аны жакшы жүзүм берет деп күтсөм, эмне үчүн ал жапайы мөмө берди?

5Эми Мен силерге жүзүмзарымды эмне кыларымды айтып коёюн: анын тосмосун алып салам, ошондо ал талкаланат; дубалдарын уратам, ошондо ал тебеленет.

6Аны кароосуз калтырам, анын бутактарын кыйышпайт, түбүн тегерете казып жумшартышпайт, аны тикенек жана отоо чөп басат, анын үстүнө жамгыр төкпөгүлө деп, булуттарга буйрук берем».

7Себайот Теңирдин жүзүмзары – Ысрайыл тукуму, Ысрайыл эркектери – Анын жакшы көргөн көчөттөрү. Ал адилеттикти күттү, бирок мына, кан төгүлүү; Ал акыйкаттыкты күттү, бирок мына, ый.

8Кайгы силерге, жерде өзүңөр эле жашап жаткансып, башкаларга жер калтырбай, үй үстүнө үй, талаа үстүнө талаа кошкондор!

9Себайот Теңир менин кулагыма мындай деп айтты: «Ушул көп сандаган үйлөр бош калат, чоң, кооз үйлөрдө эч ким жашабай калат.

10Жүзүмзардын он бөлүгү бир бат түшүм берет, себилген бир хомер дан араң эле бир эйфа дан берет».

11Таң заардан күчтүү ичимдик издеп, түн киргенче шарап ичип мас болуп отургандарга кайгы!

12Алар тойлорунда лира, арфа чертишет, дап кагышат, чоор тартышат, шарап ичишет, бирок Теңирдин иштерин карашпайт, Анын колдору кылган иштер жөнүндө ойлошпойт.

13Ошон үчүн Менин элим күтүлбөгөн жерден туткундалып кетет, төрөлөрү ачкачылыкка дуушар болушат, байлары чаңкашат.

14Ошон үчүн өлгөндөр жаткан жай кеңейип, оозун араандай ачты. Ал жакка алардын даңкы да, шаан-шөкөтү да, алар менен чогуу шапар тепкендер да түшөт.

15Ошондо адам башын жерге салат, эркек моюн сунат, текеберлердин көзү жер карайт.

16Теңир Себайот болсо сотто жогору көтөрүлөт, ыйык Кудай Өзүнүн ыйыктыгын чындык менен көрсөтөт.

17Ошондо койлор өз эрки менен жайылат, байлардан калган оттуу жайыттарда башкалардын койлору оттошот.

18Мыйзамсыздыкты курулай убаракерчиликтин жиби менен сүйрөп жүргөндөргө, арабаны божу менен сүйрөгөндөй, күнөөнү сүйрөп жүргөндөргө кайгы!

19Алар мындай дешет: «Ал шашылсын, Ал Өз ишин тездетсин, биз көрөлү, Ысрайылдын ыйык Кудайынын чечими жакындасын, ишке ашсын, ошондо биз билебиз».

20Жаманды жакшы деп, жакшыны жаман дегендерге, караңгыны жарык деп, жарыкты караңгы деп эсептегендерге, ачууну таттуу деп, таттууну ачуу деп эсептегендерге кайгы!

21Өздөрүн акылман эсептегендерге, өзүнө өзү акылдуу көрүнгөндөргө кайгы!

22Шарапты коркпой ичкендерге, күчтүү ичимдикти кыйын даярдагандарга кайгы!

23Пара үчүн айыптууну актап, айыпсызга күч көрсөтүп жаткандарга кайгы!

24Мына ошон үчүн саманды от жалмагандай, чөптү жалын жок кылгандай, алардын тамыры күйүп жок болот, алардын гүлү топурактай сапырылат. Анткени алар Себайот Теңирдин мыйзамын четке кагышты, Ысрайылдын Ыйыгынын сөзүн жек көрүштү.

25Мына ошон үчүн Теңир Өз элине каарданып, аларга колун сунуп жазалайт, ошондо тоо солкулдап, алардын өлүктөрү көчөлөрдөгү кыктай болот. Ошондо да Анын каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.

26Ал алыстагы элдерге туу көтөрөт, жер кыйырында жашаган элге белги берет. Мына ошондо ал оңой эле, тез эле жетип келет.

27Анын арасында чарчаганы да, алсыраганы да болбойт, бир да адам уктабайт да үргүлөбөйт, анын белинен куру чечилбейт, бут кийиминин боосу үзүлбөйт.

28Жаалары курчутулган, жебелери тартылган, аттарынын туяктары таштай катуу, арабалары куюндай.

29Анын күрүлдөгөнү ургаачы арстандыкындай. Ал жаш арстандай айкырат, өкүрүп келип олжосун баса калып, алып кетет, эч ким андан олжону тартып албайт.

30Ошол күнү ал ага күркүрөгөн деңиздей айкырат, ошондо ал жерди карайт, мына ошондо ал жерди караңгылык, кайгы каптаганын, асманда жарык өчкөнүн көрөт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>