Ышайа 51:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Чындыкка умтулгандар, Теңирди издегендер, Мага кулак салгыла! Өзүңөр чабылып алынган асканы, өзүңөр суурулуп алынган чуңкурдун тереңин карагыла.

2Атаңар Ыбрайымды жана силерди төрөгөн Саараны карагыла, анткени Мен жалгыз аны чакырдым, ага батамды берип, аны көбөйттүм».

3Теңир Сионду ушинтип сооротот, анын бүт урандыларын сооротот, анын чөлдөрүн бейиштей кылат, ээн талааларын Теңирдин багындай кылат. Ал жерде кубаныч жана шаттык болот, даңктоо сөздөр жана ырлар болот.

4«Элим, Мени ук! Уруум, Мага кулак сал! Анткени мыйзам Менден чыгат, Өзүмдүн акыйкаттыгымды элдер үчүн жарык кылып коём.

5Менин чындыгым жакын. Менин куткаруум чыгып келе жатат. Менин каруу-булчуңум элдерди соттойт. Аралдар Менден үмүттөнүшөт, Менин каруу-булчуңума таянышат.

6Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла, төмөн жактагы жерди карагыла, анткени асман түтүндөй болуп жок болуп кетет, жер кийимдей эскирет, анын тургундары да өлүп жок болушат. Ал эми Менин куткаруум түбөлүк турат, Менин чындыгым жок болбойт.

7Чындыкты билгендер, жүрөгүндө Менин мыйзамымды сактаган эл, Мага кулак салгыла! Адамдардын акарат айтканынан коркпогула, алардын жаман сөздөрүнөн үрөйүңөр учпасын.

8Анткени күбө аларды кийим жегендей жейт, курт аларды жүн жегендей жейт. Ал эми Менин чындыгым түбөлүк турат, Менин куткаруум кылымдан кылымга турат».

9Тур, тур, Теңирдин каруу-булчуңу, күч менен курчан! Байыркы күндөрдөгүдөй, байыркы тукумдардын убагындагыдай тур! Раапты жара чапкан сен эмес белең? Ажыдаарды өлтүргөн сен эмес белең?

10Деңизди, зор туңгуюктун сууларын кургаткан, куткарылгандар өтсүн деп, деңиз тереңдиктерин жолго айланткан сен эмес белең?

11Теңир куткарган адамдар кайрылып келишет, Сионго ыр менен келишет, алардын башында түбөлүк кубаныч болот, алар кубанышат жана шаттанышат, кайгы менен үшкүрүк жоголот.

12«Мен, Мен Өзүм силердин Сооротуучуңар болом. Өлө турган адамдан, чөптөн айырмасы жок адам баласынан корккон сен кимсиң?

13Асманды жайган, жерди негиздеген өзүңдүн Теңириңди, Жаратканыңды, сен эсиңден чыгарып жатасың. Эзүүчү жок кылганга даяр тургансып, дайыма, күн сайын анын каарынан коркосуң. Бирок эзүүчүнүн каары кана?

14Жакында туткун эркиндикке чыгарылат, чуңкурда өлбөйт, нанга муктаж болбойт.

15Мен сенин деңизди толкуткан Кудай-Теңириңмин, ошондуктан анын толкундары шарпылдап жатат. Анын ысымы – Себайот Теңир.

16Асманды жайгаштырыш үчүн, жерди негиздеш үчүн, Сионго: “Сен Менин элимсиң!” – деш үчүн, Мен Өзүмдүн сөздөрүмдү сенин оозуңа салам, Өзүмдүн колумдун көлөкөсү менен сени жабам».

17Ойгон, ойгон, Иерусалим, тур, сен Теңирдин колунан Анын каарына толгон чөйчөктү ичтиң, мас кылуучу чөйчөктү түбүнө чейин калтырбай ичтиң!

18Андан төрөлгөн уулдардын ичинен аны алып жүрүүгө эч ким чыккан жок, ал өстүргөн уулдардын ичинен аны колунан кармап жүрүүгө эч ким болгон жок.

19Сени эки кырсык басты, сени ким аяйт? Талкалануу, кыргын, ачарчылык жана кылыч: сени ким сооротот?

20Сенин уулдарың алсырап калышты, бардык көчөлөрдүн булуң-бурчунда Теңирдин каарына, Кудайыңдын ачуусуна толгон торго түшкөн жейрендердей болуп жатышат.

21Ошондуктан, азап чегүүчү жана шарап ичпей мас болгон адам, муну ук.

22Сенин Теңириң, Өз эли үчүн өч алуучу Кудайың жана Теңириң мындай дейт: «Мен сенин колуңдан мас кылуучу чөйчөктү, Менин каарыма толгон чөйчөктөгү ачыткыны алып жатам: сен эми аларды ичпейсиң.

23Мен ал чөйчөктү сени кыйноочулардын колуна берем. Алар сага: “Төмөн жыгыл, биз сенин үстүңөн өтөлү”, – дешкен. Сен өзүңдүн кыр аркаңды нары-бери өткөндөр үчүн жердей жана көчөдөй кылгансың».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>