1Тур, тур, күчтөн, Сион! Ыйык шаар Иерусалим, өзүңдүн улуулугуңдун кийимин кий! Анткени мындан ары сага сүннөткө отургузулбагандар, таза эместер кирбейт.
2Өзүңдөн чаңды күбүп сал, тур, туткун Иерусалим! Сиондун туткун кызы, мойнуңдагы чынжырды чеч!
3Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Силер бекер сатылдыңар, кайра күмүшсүз сатылып алынасыңар».
4Анткени Теңир мындай дейт: «Мурун Менин элим Мисирге жашап туруш үчүн барган, Ашур аны эч себепсиз эзген.
5Эми Менин бул жерде эмнем бар? – дейт Теңир. Менин элим бекер алынды, анын башчылары каарданып жатышат, – дейт Теңир. Менин ысымыма дайыма, күн сайын тил тийгизип жатышат.
6Ошондуктан Менин элим Менин ысымымды билишет. Ошондуктан ошол күнү “Мен мына!” деп айткан Мен ошол эле Теңир экенимди билишет».
7Сионго: «Сенин Кудайың падышачылык кылып жатат!» – деп айткан, куткарууну жар салган, кубанычты сүйүнчүлөгөн, тынчтыкты кабарлаган тоодогу жакшы кабарчынын буттары кандай сонун!
8Сенин күзөтчүлөрүңдүн үнү чыгып жатат, алар үнүн катуу чыгарышты, баары бирге кубанып жатышат, анткени алар Теңирдин Сионго кайтып келе жатканын өз көздөрү менен көрүп жатышат.
9Шаттангыла, Иерусалимдин урандылары, чогуу ырдагыла, анткени Теңир Өз элин сооротту, Иерусалимди кун төлөп куткарды!
10Теңир Өзүнүн ыйык каруу-булчуңун бүт элдердин көз алдында көрсөттү. Ошондо бүт дүйнө жүзү Теңирибиздин куткаруусун көрөт.
11Кеткиле, кеткиле, ал жерден чыккыла, таза эмес нерселерге тийбегиле! Теңирдин идиштерин көтөрүп жүргөндөр, алардын чөйрөсүнөн чыккыла, өзүңөрдү тазалагыла.
12Анткени силер шашпай чыгасыңар, чуркап кетпейсиңер. Анткени силердин алдыңарда Теңир барат, артыңарда Ысрайылдын Кудайы сактоочу болот.
13«Менин кулум ийгиликке жетишет, көтөрүлөт, көкөлөйт, даңазаланат!
14Сени көрүп, көп адамдар ушунчалык таң калышты, анткени эч бир адамдын жүзү Анын жүзүндөй бузулган эмес, адам баласынын өңү Анын өңүндөй бузулган эмес.
15Ал көп элдерди ушинтип таң калтырат. Падышалар Анын алдында ооздорун жабышат, анткени алар өздөрүнө айтылбаган нерселерди көрүшөт, укпаган нерселерин билишет».