1Бизден уккан кабарга ким ишенди? Теңирдин күчү кимге көрсөтүлдү?
2Анткени Ал Анын алдында кургак жерден өсүп чыккан жаш бутакка жана тамырга окшоп чыкты. Анда келишимдүү келбет да, улуулук да жок эле. Биз Аны көрдүк, бирок Анын сырткы көрүнүшүндө бизди Өзүнө тарта турган эч нерсе жок эле.
3Ал жек көрүндү болду, адамдардын алдында кемсинтилди. Ал – кайгы тарткан, оорунун эмне экенин билген адам, биз Андан жүзүбүздү ала качтык. Ал жек көрүндү болду, биз Аны урматтаган жокпуз.
4Бирок Ал биздин кеселдерибизди Өзүнө алды, ооруларыбызды алып кетти, биз болсо Аны Кудай урду, жазалады жана кемсинтти деп ойлодук.
5Бирок Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болду, биздин мыйзамсыздыктарыбыз үчүн кыйналды. Бизге тынчтык болуш үчүн, Ал жазага тартылды, биз Анын жарааты менен айыктык.
6Биз баарыбыз койлордой болуп адашып жүрдүк, ар кимибиз өз жолубузга бурулуп кеттик, ошондо Теңир баарыбыздын күнөөлөрүбүздү Анын мойнуна жүктөдү.
7Аны катуу кыйнашты, бирок Ал кыйналганда, үн чыгарган жок. Ал союлуш үчүн жетеленип келген козу сыяктуу, кыркмачынын алдында үнсүз жаткан кой сыяктуу үн чыгарган жок.
8Ал камактан жана соттон алынды, бирок Анын санжырасын ким айтып бере алат? Анткени Ал тирүүлөрдүн жеринен бөлүнүп алынды, Менин элимдин кылмыштары үчүн өлүм жазасына тартылды.
9Ага кылмышкерлер менен бирге мүрзө даярдашты, бирок Ал байдын мүрзөсүнө коюлду, анткени Ал күнөө кылган эмес, Анын оозунан жалган сөз чыккан эмес.
10Бирок Теңир Анын кыйналуусун туура көрдү, ошондуктан Ал Аны азапка салды. Өз жанын айып үчүн чалынуучу курмандыкка чалгандан кийин, Ал узак жашаган укум-тукумун көрөт, ошондо Теңирдин эрки Өзүнүн колу менен ийгиликтүү ишке ашат.
11«Ал Өз жанынын эрдигине ыраазы болуу менен карайт. Өзүнүн таанып билүүсү аркылуу Менин адилет Кулум көп адамдарды актайт, алардын күнөөлөрүн Өз мойнуна көтөрөт.
12Ошондуктан Мен Ага улуулардын арасынан үлүш берем, Ал күчтүүлөр менен олжо бөлүшөт. Анткени Ал Өз жанын өлүмгө кыйды, кылмышкер катары эсептелди, көптөрдүн күнөөсүн Өз мойнуна алды, кылмышкерлер үчүн арачы болду».