Ышайа 54:1-17 KYB2004 - Bible AI

1«Кубан, баласы жок, төрөбөс аял! Кубанып кыйкыр, катуу үн сал, толгоо тартып кыйналбаган аял! Анткени күйөөсү бар аялга караганда күйөөсү таштап кеткен аялдын балдары көп», – дейт Теңир.

2Чатырыңдын турган ордун чоңойт, турак жайыңдын жабууларын кеңейт. Уялба, аркандарыңды узун ташта, казыктарыңды орнот.

3Анткени сен оңго да, солго да жайыласың, сенин тукумуң элдерди каратып алып, бош калган шаарларга отурукташат.

4Коркпо, анткени уятка калбайсың. Уялба, анткени маскара болбойсуң, жаш чагыңда маскара болгонуңду унутасың, мындан ары жесирлигиңдин айынан жаманатты болгонуңду эстебейсиң.

5Анткени сенин Жаратканың – сенин күйөөң. Анын ысымы – Себайот Теңир, сенин Куткаруучуң – Ысрайылдын Ыйыгы. Ал бүт жер жүзүнүн Кудайы деп аталат.

6Анткени Теңир сени күйөөсү таштап кеткен, кайгыга баткан аялды чакыргандай, жаш кезинде аялдыкка алынып, кийин четке кагылган аялды чакыргандай чакырып жатат, – дейт сенин Кудайың.

7Мен сени аз убакытка таштагам, бирок улуу ырайым менен кабыл алам.

8Каарым кайнап турганда, Мен сенден Өз жүзүмдү убактылуу жашырдым, бирок сага түбөлүктүү ырайым менен ырайым кылам, – дейт сенин Куткаруучуң, Теңир.

9Анткени бул Мен үчүн Нухтун учурундагы суулардай: Мен мындан ары Нухтун учурундагыдай суулар жерди каптабайт деп ант бергендей, сага каарданбайм, сени жемелебейм деп ант бердим.

10Тоолор жылат, дөңсөөлөр солкулдайт, бирок Менин ырайымым сенден четтебейт, Менин тынчтык келишимим бузулбайт», – дейт сага ырайым кылуучу Теңир.

11«Бороон учурган, сооротулбаган байкуш! Мен сенин таштарыңды кызыл лаалдын үстүнө коём, пайдубалыңды көк жакуттан тургузам.

12Терезелериңди кызыл лаалдан, дарбазаңды берметтен, дубал-коргондоруңдун баарын асыл таштардан жасайм.

13Сенин уулдарыңдын баарын Теңир үйрөтөт, уулдарыңда улуу тынчтык болот.

14Сен акыйкаттык менен бекемделесиң, эзүүдөн алыс болосуң, анткени сен корко турган эч нерсе жок, коркунучтан да коркпойсуң, анткени ал сага жакын жолобойт.

15Сага каршы куралданып чыгышат, бирок Менден эмес. Сага каршы ким куралданып чыкпасын, ал өлөт.

16Мен темир устаны жараттым, ал оттогу чокту үйлөп, өзүнүн иши үчүн курал жасайт, кырыш үчүн Мен кыруучуну жараттым.

17Сага каршы жасалган бир да курал сени жеңе албайт, сени менен сотто талашып-тартышкан ар бир тилди сен айыптайсың. Бул – Теңирдин кулдарына Мен берген мурас жана адилдик», – дейт Теңир.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>